КӨӨЛҮ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨӨЛҮ КЫРКА ТООСУ Борб. Теңир-Тоодо. Ак- Суу районунун түш.-батыш бөлүгүндө. Түндүгүнөн Көөлү, чыгышынан Сары-Жаз, түштүгүнөн ж-а түш.-батышынан Үч-Көл, Сары-Чат өрөөндөрү м-н чектешип, түн.-батышынан чыгышка ка­рай 52 кмге созулат. Туурасы 21 км, орт. би­йикт. 4600 м, эң бийик чокусу 5281 м (Конститу­ция). Протерозойдун гранит, гранит-диорит, гнейс, мрамор, сланец, кембрийдин филлит, кум­дук, силурдун акиташ теги, девондун андезит, порфирит, доломит, пермдин жегичтүү гранит, сиенит, габроиддери кездешет. Тоо - миздүү кыр­лар, тик беттер, тегизделген байыркы жондор мүнөздүү болгон мегантиклинорий. К. к. т-ндагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 216,2 км2. Кар чеги 4000-4200 м. Нивалдык-гляциалдык, альп, түш­түктү караган беттерде шалбаалуу талаа, суб­альп ландшафттары кездешет.