КӨӨЛҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨӨЛҮ — Борб. Теңир-Тоодогу суу, Сары-Жаздын оң куймасы. Ак-Суу районунун аймагында.
Уз. 51 км, аянты 844 км2. Тескей Ала-Тоонун
түш. капталынан башталган Көл-Төр ж-а Көөлү
кырка тоосунун түн. капталынан башталган
Кара-Төр сууларынын кошулушунан түзүлөт.
Негизинен мөңгү (49%), кар (21%) ж-а булак
(30%) сууларынан куралат. 16 куймасы бар.
Ирилери: Моло, Шаркыратма, Сары-Чат, Каракол-Төр, Ашуу-Төр, Кара-Төр, Борду-Төр, Орой-
Суу, Чоң Киндик, Сары-Булак. Алабында жалпы аянты 216,2 км2 келген 150 мөңгү бар. Жылдык орт. чыгымы 13,5 м3/сек. Эң көп чыгымы
июль-августта, азы мартта байкалат. Май айында кире баштап, октябрда тартылат.