КӨӨКӨРЧӨКТӨР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨӨКӨРЧӨКТӨР (Batoidee) - эбелек бакалоордуу балыктардын чоң түркүмү. Денеси жалпак, жазы, диск же ромб сымал, уз. бир нече смден 6-7 мге , салмагы 2,5 7га жетет. Териси жыла-

ңач же тикендүү. Денесинин курсак жагында 5 бакалоор жылчыгы орун алган. Көкүрөк сүзгүчтөрү башынан тартып тулкусунун капталында жайгашкан. Жон сүзгүчтөрү куйругунда (айрымдарыныкы жок). Көп учурда куйрук сүзгүчтөрү жок. Бири бирине тыгыз кыналып жайгашкан жумуру тиштери күчтүү. К-дүн 14 тукуму, 50гө жакын уруусу ж-а 350 түрү белгилүү. Суу түбүндө, айрымдары (шиш куйрук сымалдар) суунун тереңинде, о. эле бардык океандын тайыз жеринен тартып, 2700 м тереңдикке чейин, кээси тропик дарыяларында (Амозонка алабында ж. б.) кездешет. Бентофаг ж-а жырткычтар. Жумуртка же тирүү тууйт, ромбоскат сымалдар гана мүйүз капсуладагы чоң жумурткаларын суу түбүнө таштайт. Гнюс сымалдардын капталында электр органдары жайгашкан, шиш куйрук К-дүн куйругу ичке, узун, тикендүү болуп, түбүндө уулуу бездери бар. КМШ өлкөлөрүнүн деңиздеринде 10 түрү белгилүү. Алар Кара, Азов, Түн. ж-а Ы. Чыгыш деңиздеринде, шиш куйруктуулар Кара, Азов ж-а Япон деңиздериңде таралган. Балык чарбасы үчүн маанилүү.