КӨӨ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨӨ - углеводороддордун толук эмес куйушунөн же термиялык ажырашынан пайда болгон кара тустөгу дисперсиялык продукт. Көмуртек атомдорунун графиттеги катмарларына окшош, бирок жалпак эмес, ийилген катмарларынан тузулгөн сфералык бөлукчөлөрдөн (көлөму 100- 3500 А) турат. Суюк сырьёдон (нефть майларынан), жаратылыш же ө. ж. газынан, газ ж-а суюк сырьёнун аралашмасынан алынат. Өндурулушунө жараша: каналдык К. диффузиялык жалында толук эмес куйгөн газ ж-а газ-суюк аралашмадан; меш К-су турбуленттик жалында толук эмес куйгөн суюк сырьёдон; термиялык К. газдын абасыз ажырашынын негизинде пайда болот. Анык (пикнометрдик) тыгыздыгы 1800-1900 кг/м3, бөлукчөлөрунун диаметри 10-350 нм. Лак, боёк материалдарына пигмент, резина, пластмасса алууда ж. б-да толуктагыч катары колдонулат.