КӨҢДӨЙЧӨ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨҢДӨЙЧӨ физикада - жарым өткөргуч кристаллдагы кыймылдуу злектрондук бош орун (вакансия). К. - жарым өткөргучтөгу оң заряддуу бөлукчө. Анын зарядынын абс. маани­си электрондукуна барабар. К. жарым өткөр­гучтө электрондор м-н бирдей электр тогун алып журөт. К. - катуу нерсенин энергиялык зона­сында электрон ээлебеген кванттык абал. К-нун энергиялык зонасынын жогорку чегинде пайда болгон кыймылы, сырткы электр талаасынын таасири м-н пайда болгон электрондордун то­луп калган энергиялык зонасындагы кыймы­лына эквиваленттуу. К - өткөргучтук электрон­дору сыяктуу эле кристаллдардын электрондук системасынын динамикалык касиетин аныкто­очу квазибөлукчө. К-нун натыйжалуу массасы өткөргучтук электрондукунан демейде чоң, ал эми кыймылы аз. Жарым өткөргучтөрдө К. ва­ленттик зонанын жогорку чегинде пайда болот.
Өткөргучтук зонасы толук толбогон металлдар­да ж-а жарым металлдарда К. тушунугу айрым учурда, электрон ээлебеген, Ферми деңгээлинен, б. а. абс. нөл темп-рада электрондор жайгашкан эң жогорку энергиялык деңгээлинен төмөн абал­ды ээлейт.