КӨМҮСКӨ ЭКОНОМИКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨМҮСКӨ ЭКОНОМИКА - 1) ар турдуу экон.
мамилелердин жыйындысы; 2) экон. ишмердиктин эсепке алынбаган, жөнгө салынбаган ж-а
мыйзамдарга каршы келген туру. Айрым өлкөлөрдө салык башкармалыгына маалыматы
тушпөгөн товарлар ж-а кызмат көрсөтуулөр
м-н алмашуу жургузуу К. э. деп аталат. АКШ
экономисттеринин баасы б-ча АКШда К. э.
жугуртуу 1989-ж. 750 млрд долларды тузгөн.
АКШнын кээ бир экономисттеринин пикири
б-ча К. э-нын кесепетинен салык көбөйөт же
инфляция өсөт, анткени К. э-да табылган акчадан салык алынбагандыктан, анын натыйжасында мамлекет ала турган кирешесинин көп
миллиарддаган долларын жоготот да, анын ордун толтуруу учун салыкты көбөйтуугө мажбур
болот. К. э-ны көп учурда «экинчи» экономика
деп аташат, ал расмий экономикалык система
начарлаган же булунгөн учурда жолтоо болбостон, ага жардам беруу негизги милдети болгон
өндуруштук структура катары чыгышы мумкун.
Ошентип, экон. төмөндөө учурунда жашырын
киреше булактары бар керектөөчулөр тигил же
бул товарга же кызмат көрсөтуулөргө кошумча
талап коюшат, бул өндуруштун өсушунө өбөлгө
тузөт. Тартыштык шартында рынок жашырын
өндурулуучу же сырттан алынып келуучу товарлар ж-а кызмат көрсөтуулөр м-н толтурулат, бул
инфляциялык процессти токтотууга мумкундук
берет. Кыйын мезгилде, мис., ачарчылык учурунда, К. э. азык-тулук сатып алууда оң роль
ойнойт. Экон. ад-ттарда төмөнкудөй элементтери бөлуп көрсөтулөт: 1) формалдуу эмес экономика; 2) жалган экономика; 3) «экинчи» экономиканын жашырын бөлугу; 4) «жашырын» экономика. Биринчи элементи борб. экон. органдардын, тармактык башкаруу органдарынын,
бирикмелердин ж-а ишканалардын ортосунда
өзгөчө «соода» процессинде иштейт. Жалган экономика продуктунун баасында жалган нарк,
жалган керектөө наркы ж-а жалган компоненттер турундө көрунөт. Кошуп жазуулар, финансы тартибин бузуулар К. э-нын бул элементинин иштөө механизми катары эсептелет. «Жашырын» экономикага мыйзамсыз өндуруш ишмердиги кирет. Керектөө секторунда алып сатарлык негизги элементи болгон жашырын
рынок «жашырын» экономиканын өзгөчө туру
болуп саналат. К. э. базистик категория болгондуктан, ал тиешелуу структураларды: расмий
эмес укукту, этиканы, өзунун тышкы ж-а ички
коопсуздук кызматын, парламенттик калканчты, жашыруунун өздук идеологиясын пайдаланууга мажбур болот.