КӨМҮРТЕК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨМҮРТЕК (лат. Carboneum), С - элементтердин мезгилдик системасынын IV тобундагы хим.
элемент; ат. н. 6, ат. м. 12,011. Жаратылышта
туруктуу эки изотоптун аралашмасынан (12С
ж-а 13С) турат. Радиоактивдүү изотопторунан
маанилүүсү 14С (Т1/2=5570 жыл). Электрондорун
оңой берүүчү активдүү металлдар м-н болгон
бирикмелеринде оксистенүү даражасы 4кө барабар. Элементтердин басымдуу бөлүгү м-н К. бекем коваленттуу байланыштагы бирикмелерди берет, ага К-тин сырткы электрондук катмарындагы 4 электрон толугу м-н катышат. Ошондуктан көмүртек IV валенттүү, бирок II валенттүү
бирикмелери да белгилүү, мис., көмүртек оксиди СО (ис газы). К-тин негизги минералдары:
табигый карбонаттар, күйүүчү кендер (таш
көмүр, күрөң көмүр, нефть, жаратылыш газы,
чым көң, күйүүчү сланецтер) түрүндө топтолгон.
К-тин орг. бирикмелери тирүү организмдерди
түзүүчү материал м-н камсыз кылат. Табиятта
алмаз, графит ж-а көмүр түрүндө кездешет. К.
бөлмө темп-расында инерттүү, бирок ысытууда
көптөгөн заттар м-н аракеттенет. Абада ысытууда кычкылтек ашыкча болсо, көмүр кычкыл
газына (СО2), жетишсиз болсо, К. (II) оксидине
СО чейин кычкылданат да, реакциянын натыйжасында көп сандагы энергия (жылуулук) ж-а
жарык бөлүнүп чыгат. Галогендер м-н болгон
бирикмелеринен төрт хлордуу К. CCl4 ж-а хлороформ CHCl3 чоң мааниге ээ. Кукурт м-н кукурттуу көмуртекти SC2 берет. К-тин калыбына
келтиргич касиети металлдардын оксиддери
м-н аракеттенуусундө өзгөчө ачык байкалат,
мис., ZnO + C = Zn + CO. К. жегичтердин таасирине (ысытууда да) туруктуу. Төмөнку темп-рада
концентр-ланган кислоталар таасир этпейт, бирок 100°Сден жогорку темп-рада ысытуудан
аморфтук К. акырындык м-н кычкылданат.
К. хлор, бром ж-а йод м-н реакцияга кирип,
галогениддерди берет. Кучтуу окистендиргичтер
(HNO3, KClO3 ж. б.) К-ти окистендирет. Азот
м-н электр тогунун таасиринде цианди (CN)2,
H2, N2 аралашмасында ысытканда циан к-тасын HCN, металлдар м-н жогорку темп-рада карбиддерди пайда кылат. Алмаздын ири кристаллдары кооздук буюм катары колдонулат. Ал эми
майда, тунук эмес кристаллдары же жасалма
жол м-н алынган кристаллдары кесуучу, жылмалоочу ж-а тоо тектерин бургулоочу аспаптарда пайдаланылат. Графиттин ысыкка ж-а агрессивдуу чөйрөлөргө туруктуулугу, электр тогун жакшы өткөрушу аны ө. ж-да өтө маанилуу
материалдардын катарына коёт. Андан куймалар учун калыптар, балкытып эритуу учун тигелдер (казандар) ж-а отко чыдамдуу буюмдар
жасалат. О. эле графиттин өтө көп бөлугу электртех. ө. ж-нда электроддорду, гальваникалык элементтерди ж-а аккумуляторлорду, электр кыймылдаткычтарын даярдоодо, өтө таза графит ядролук реакторлордо нейтрондордун ылдамдыгын
төмөндөтуу учун колдонулат. Көмурдөн суюк
ж-а газ турундөгу куйуучу заттарды, орг. бирикмелерди синтездеп алууга ж-а кокс, графит ж. б.
заттарды алууга болот. Темир куймаларынын
(чоюн, болот) компоненти катары мааниси чоң.
Б. М. Мурзубраимов.