КӨМҮР ӨЧҮРҮҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨМҮР ӨЧҮРҮҮ - жыгач отундун күйгөндөн
кийинки чогун күлгө айлантпай өчүрүп алуу.
Жыгач көмүр темир устанын ж-а зергердин негизги отуну болгон. Адатта көмүр сууга жакын
токойдо жыйналган жыгачка от жагылып, күйгөн жыгачтын чоктору улам четинен шиленип
алынып, даяр аңга салынган да, топурак м-н
жылчыксыз көмүлгөн же суу (кар) себелеп өчүрүлгөн. Арча, табылгы, четин, шилби, кайың,
чычырканак өңдүү катуу жыгачтардан өчүрүлгөн
таптуу көмүр алтын ж-а темир эритүүдө, ал эми
карагай, тал, терек өңдүү жумшак жыгачтардын табы күчсүз көмүрү жумшагыраак заттарды (күмүш, жез, калай) эритүүдө колдонулган.
Учурда усталар м-н зергерлер таш көмүрдү пайдаланышат.