КӨМҮР МАРКАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨМҮР МАРКАСЫ - көмүрдүн ар кандай сорт­торунун ө. ж-лык белгилери. Мамл. стандарт (ГОСТ) б-ча көмүр бассейндерине жараша бел­гиленет. Түзүлүшү, метаморфизмделиши, кыч­кылдуулугу б-ча күрөң көмүр, таш көмүр, ант­рацит болуп бөлүнөт. Ар бири өз алдынча мар­каларга ажырайт. Күрөң көмүр күйүшү, нымдуу­лугу б-ча Б1 (нымдуулугу 40%тен жогору), Б2 (30-40%), Б3 (30%тен төмөн) маркаларынан ту­рат. Таш көмүр жеңил учуп кетүүчү заттар м-н кошулмаларына жараша: Д - узун жалындуу, Г - газдуу, ГЖ - газдуу майлуу, Ж - майлуу, КЖ - кокстуу майлуу, К -кокстуу, СС - аз ко­шулмалуу, Т - майсыз маркаларга бөлүнөт.
Антрацит болсо, ПА - чала антрацит, А - то­лук антрацит болуп айырмаланат. Көмүрдүн мар­касына жараша технол. тиби аныкталат. Кокс өндүрүүдө Г6 ж-а Г16 маркасындагы сорттор кол­донулбайт.