КӨМҮРДҮ ГАЗГА АЙЛАНДЫРУУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨМҮРДҮ ГАЗГА АЙЛАНДЫРУУ — жердин
тереңдигиндеги эркин же бирикме түрдөгү кычкылтектин жардамы м-н көмүрдү газга айландыруучу физ.-хим. процесс. Кабыл алынган система тоо-кен-геол. шартка жараша тик, жантайыңкы, жантайыңкы-түз көзөнөктөрдөн турат. Көмүр катмарында көзөнөктөрдү пайда
кылуу үчүн чыпкалуу бургулоо же суу м-н катмарды талкалоочу көзөнөк талап кылынат. Көзөнөктөрдө реакция аймагы түзүлөт. Ошондон
кийин гана акырындык м-н газга айландыруу
иши башталат. Иш үйлөтүү жолу м-н жүрөт.
Катмарлардагы көзөнөктөрдө жүрүүчү хим. реакция газ генераторунда жүрүүчү процесске окшошуп кетет. Көмурду газга айлантканда, реакция
аймагы орун которуп жылып турат. Too басымынын таасиринен устунку тоо тектер басырылат.
Анан газга айланган бош аянтты басып калат.
Натыйжада көмуру газга айланган жердин өлчөму м-н тузулушу көпкө чейин туруктуу болуп
турат. Мында технол. тутум эки турдө журөт:
биринчиси - тирөөч тараптагы газ топтолгон
боштуктар аркылуу газды уйлөтуп чыгаруу;
экинчиси - газ топтолгон боштуктан тирөөчту
көздөй газды уйлөтуп чыгаруу. Үйлөтуп чыгарылган газдын төмөнку жылуулугу 3,2-
5 МДж/м3, кычкылтекке байытканда (60-
65%) же кычкылтектин буусу м-н уйлөгөндө
7,6 МДж/м3. Газ хим. курамы б-ча аммиак м-н
көмурлуу суутекти синтездөөгө жарактуу. Көмурду газга айлантып отун өндуруу иши шахта
натыйжасыз болгон учурда гана жургузулөт.
К. г. а. ыкмалары АКШда, Германияда, Японияда ишке ашууда.