КӨМӨЧ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨМӨЧ - көмөч казанга жабылып, оттун чогуна көмүлүп бышырылган нан (к. Көмөч казан). К-түн бир нече түрү бар. Жумуртка, пияз кошулуп, сүткө жуурулган камырды (ачыган) жука жайып, бетине туурамжы (майдаланган сулп эт, ич май, пияз, сарымсак ж. б. татымалдар) салып, үстүнө дагы бир кабат жука жайылган камырды беттеп жаап, четтерин бекитип, аны көмөч казанга жаап, бышканча чокко көөмп коёт. Мындай К. каттама К., курамында ич май болсо, май К., жүгөрүнүн загырасы кошулса, загыра К., пияз аралашса пияз К. деп аталат.