КӨЛ-ТӨР МРАМОР КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨЛ-ТӨР МРАМОР КЕНИ Чүй обл-нун Ысык-
Ата районундагы Ивановка кыш-нан 50-60 км түш.
тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталындагы Көл-Төр суусунун оң жак өйүзүндө жайгашкан. 1962-ж. табылган. Кен аймагын протерозой м-н девон мезгилиндеги метаморфизмделген тектер түзөт. Пайдалуу катмар мрамордон туруп, протерозойдун бүктөлүп талкаланган тектеринин арасында жатат. Катмардын уз.
80 м, калыңдыгы 6-8 м. Мрамор майда кристаллдуу, массивдүү. Өңү агыш боз, арасында оливиндин жашыл темгилдери, сейрек тактары, айрым жерлерде каралжын боз, кара тактары учурайт. Жакшы сайкалданат. Орт. блоктуулугу
20x20x10 см. Имараттардын дубалдарын каптап
кооздоого жарамдуу такталарды алууга болот.
Запасы мол.