КӨЛ-ТӨР 1: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨЛ-ТӨР — Нарын кырка тоосунун түш. кап­талындагы көл. Ат-Башы районунун аймагында.
Аянты 5 км2. Деңиз деңг. 3820 м бийикте жай­гашкан. Ат-Башы өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндөгү (Жаңы-Жер-Уландын чатына жакын) Көл-Төр суусунун өрөөнүнөн орун алган. Түш.-чыгыш тарабынан зор морена катмары м-н тосулган.
Көлдүн чанагы байыркы мөңгүнүн аракетинен пайда болгон. Кар ж-а жамгыр сууларынан то­лукталат. Чыгыш жак жээги аскалуу, батышы­нан жалгыз аяк жол өтөт. Айланасында жапа­лак арча, о. эле төө куйрук, ит мурун ж. б. ба­дал өсүмдүктөрү өсөт. Көлдүн бөгөтүнөн сары­гып агып чыккан суу Ат-Башыга оң тараптан куят.