КӨЛБАЕВ 1: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨЛБАЕВ Абдыжалый (2. 10. 1895, Ысык-Көл обл., Тоң району, Төрткүл айылы – 23. 11. 1976, ошол эле жер) – педагог. 1907-ж. азыркы Кара­кол шаарында, кийин Ташкент ш-ндагы борб. КПТнын алдындагы парт. сов. мектепте окуган (1921). Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айы­лындагы мектептин директору (1936–38), 1938- жылдан Тоң районундагы мурдагы Ворошилов атн. Кызыл-Дөбө сегиз жылдык мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы, 56 жыл мугалим болуп эм­гектенген. Ленин ордени (1949) ж-а медалдар м-н сыйланган. 1991-ж. Тоң районундагы Жер-Үй мектебине, айылдын бир көчөсүнө анын ысмы коюлган.