КӨК ЧАЙ ЧӨП: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨК ЧАЙ ЧӨП (Origanum) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Сабакка тушташ жайгашкан жөнөкөй жалбырактуу, бийикт. 20–50 см болгон көп жылдык өсүмдүк.

Гүлү майда, мала же көгүш кызыл. Топ гүлү шыпыргыдай же калканчадай. Евразияда 20дан ашуун түрү өсөт. Кырг-нда 2 түрү кездешет. Алар токойдун ачык жеринде, өзөн боюнда, нымдуу боздоңдо, жапыз тоолордон субальпы алкагына чейин таралган. Курамында эфир майы, боёк заттар, аскорбин к-талары бар. Кургатылган гүлү м-н жалбырагы медицинада, ликёр-арак чыгарууда, о. эле тамакка жагымдуу жыт берүү үчүн колдонулат.