КӨК-ТОНДУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨК-ТОНДУ , П р а в д а – Жалал-Абад обл-нун Базар-Коргон районундагы кыштак. Могол айыл округуна караштуу. Ачы токой чарбасынын аймагында. Кара-Үңкүр суусунун оң өйүзүндө, Базар-Коргон – Арстанбап жолунун жээгинде, деңиз деңг. 1040 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыш-нан 32 км түн. тарапта. Облустун борбору ж-а т. ж. бекети Жалал-Абад ш-нан 65 км аралыкта. Кыштак 1932-ж. негизделген. Калкы 3125 (2007); негизинен токойчулукта, дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Кыштакта кыргыз телекөрсөтүүсүн негиздөөчүлөрдүн бири, КРдин эл артисти Б. Каипов туулган.