КӨК-СУУ ТООСУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨК-СУУ ТООСУ – Пскем кырка тоосунун түш.- чыгыш тармагы. Чаткал ж-а Көк-Суу сууларынын аралыгында. Тоонун кыры аркылуу Кырг-н м-н Өзбекстандын чек арасы өтөт. Уз. 60 км, туурасы 15–17 км. Орт. бийикт. 3100– 3300 м, эң бийик жери 3828 м (Чатыр-Дөбө чокусу). Кыры жалама, тик аскалуу, мөңгү жок; капталдары тик (40–50°), кыска ж-а терең кокту-колоттуу капчыгайлары бар. Геол. түзүлүшү өтө татаал, тектон. терең жаракалар м-н тилмеленип, бүктөлүүлөргө дуушарланган. Тоонун түш.-чыгыш бөлүгү гранит, гранит-диорит, гранит-сиенит; ортоңку бөлүгү карбондун башталышында пайда болгон конгломерат, аркоздуу кумдук, битумдуу ж-а доломиттүү акиташ теги, түн.-батышы девондун доломит, кумдук, сланец, гравелит тектеринен түзүлгөн. Тоонун түш.- чыгыш капталына талаа ж-а шалбаа бадалдуу токой (2800–2900 мге чейин), андан жогору субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа ж-а субнивалдык суук чөл ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.