КӨК-СУУ (БАТЫШ) ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨК-СУУ (БАТЫШ) ӨРӨӨНҮ Алай өрөөнүнүн батышында. Түндүгүнөн Алай кырка тоосу, түштүгүнөн Текелик тоосу м-н чектешет. Чоң Алай районунун аймагында. Өрөөн кеңдик багытка жакын 60 кмге созулат; туурасы 4–5 км. Таманынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2500–3300 м. Курчап жаткан тоолордун өрөөндүн таманынан салыштырмалуу бийикт. 1000–1200 м. Өрөөндүн башында тепши сымал төрлөр, мөңгү көп. Ортонку бөлүгү кууш, тоо капталдары кокту-колоттуу. Аягы Текелик суусунун чатынан Алай өрөөнүнө чейин кеңийт. Мында өрөөндүн капталдары тик, жардуу. Таманы төртүнчүлүк мезгилдин шагыл, кум, чополору м-н толгон. Тоо капталдары кеңдик багытта жаткан тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Климаты кескин континенттик; январдын орт. темп-расы –14°С, июлдуку 10°С. Жылдык жаан-чачыны 300 мм. Өрөөн аркылуу Көк-Суу ж-а анын куймалары (Текелик, Корумду, Бек-Ага, Кара-Казык, Чоң Кочкорчу, Кызыл-Айрык, Кочкорчу) агып чыгат. Арча токойлуу шалбаалуу талаа, субальп ж-а альп талаасы, шалбаа ж-а нивалдык-гляциалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт, этеги чабынды катары пайдаланылат. Өрөөндө Чак, Кочкорчу кыш. жайгашкан.