КӨК САЙКАЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨК САЙКАЛ (Veronica) – өсүмдүктөрдүн но­ричниктер тукумунун уруусу. Бир, көп жылдык чөп, чанда майда чала бадалча. Бийикт. 20–60 (100) см, сабагы тик өйдө, кээде жерге төшөлүп өсөт. Жалбырагы негизинен бүтүн жээктүү, кээ­де майда жарым айчыктуу же тилкелүү. Сабак­ка тушташ жайгашкан. Гүлү сабактын учунда, шыпыргыдай, калемчедей топ гүлгө чогулган, кээ бир түрүнүн гүлү жалбырак колтугуна бир­ден өсөт. Эки эриндүү, түтүкчөдөй, көк, агыш көк, ак. Аталыгы 2, энелиги 1, мөмөсү эки уялуу кутуча, уругу ар бир уяда 1–12ден болот. 300 түрү бардык жерде тараган. Кырг-нда 30дан ашуун түрү өрөөндөн бийик тоого чейин өсөт. Айрым түрү кооздук үчүн өстүрүлөт.