КӨКӨМЕРЕН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨКӨМЕРЕН (көк ж-а моңголчо мөрөн – суу; көк суу) – Жумгал районунун аймагы аркылуу аккан суу, Нарын д-нын оң куймасы. Жалпы уз. 199 км, алабынын аянты 10400 км2, деңиз деңг. орт. бийикт. 2800 м. Суусамыр м-н Батыш

Көкөмерендин жээгиндеги куу жерлер.

Каракол сууларынын кошулган жеринен К. ата­лат. Ири куймалары: Муз-Төр, Жаман-Эчки, Ак- Суу, Жоо-Жүрөк, Ой-Кайың, Көбүк-Суу, Жум­гал, Миң-Куш. Мындан тышкары 100дөн ашык майда куймалары бар. Негизинен кар ж-а бу­лак сууларынан куралат. Көп жылдык орт. чы­гымы 80,3 м3/сек; эң көбү июнда (215 м3/сек), азы мартта (29,7 м3/сек) байкалат. Апрелде ки­рип, сентябрда тартылат. Октябрь–ноябрда тоңо баштап, март–апрелде муздан арылат. Сугатка пайдаланылат. Боюнан Кызыл-Ой, Арал, Сары- Булуң, Өрнөк кыш. орун алган.