КӨК-ИРИМ ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨК-ИРИМ ТООСУ Ички Теңир-Тоодо, Тогуз- Торо ж-а Кетмен-Төбө ойдуңдарынын аралыгын­да. Токтогул ж-а Тогуз-Торо райондорунун чегин­де. Уз. 60 км, эң жазы жери 38 км. Орт. би­йикт. 3800 м, эң бийик жери 4351 м (Байдам­тал). Нарын капчыгайынан Капка ашуусуна чейин созулат. Кембрий, девон, ордовиктин кум­дук, сланец, акиташ ж. б. тектеринен түзүлгөн. Ортосу бийик ж-а аскалуу, батыш жагы жа­пыз, түштүгүндө кууш ж-а терең капчыгайлар бар; түн.-чыгышына үстү тегиз тоо айрыктары мүнөздүү (Кызыл-Татыр, Турук, Ак-Башат). Мөңгүлөр тоонун ортоңку бөлүгүнүн түн. бийик беттеринде. Нарын капчыгайына караган тара­бы кургак келип, батышы нымдуу, бадал ж-а дарак өсүмдүктөрү өсөт. Түш. беттерине талаа (1400–2000 м), бадал аралаш токой ж-а шалбаа (2000–3000 м), субальп ж-а альп шалбаалуу та­лаа (3000–3900 м), түн. капталына талаа (1600– 2400 м), шалбаа ж-а майда бадал (2400–2900 м), субальп, альп (2900–4000 м), ал эми тоо чоку­ларына нивалдык ландшафттар мүнөздүү.