КӨК-ИРИМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨК-ИРИМ – Тогуз-Торо ойдуңу м-н аккан суу, Нарындын сол куймасы. Тогуз-Торо районунда. Фергана тоо тизмегинин түн.-чыгыш капта­лынан башталат. Уз. 51 км, алабынын аянты 1740 км2. Жогорку агымында кууш капчыгай м-н чыгышка, андан кийин өрөөнү кеңейип, түн. тарапка агат. Төмөн жагында салааларга бөлү­нүп кетет. Негизинен кар (25%), мөңгү (20%) ж-а булак (51%) сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 22,6 м3/сек. Эң көп чыгымы июн­да, азы февралда. Апрелде кире баштап, октябр­да тартылат. Ири куймалары: Көгарт (50 км), Үрүмбашы (40 км), Кекилик-Бел (39 км) – оң; Казык (24 км), Байдамтал (21 км) – сол. Неги­зинен сугатка пайдаланылат. Боюнда Көк-Ирим, Арал, Бирдик, Атай кыш. жайгашкан.