КӨК ЖАШЫЛ БАЛЫРЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨК ЖАШЫЛ БАЛЫРЛАР (Cyanophyta) – ба­лырлардын прокариотторго кирүүчү тобу. Алар­да бактериялар сыяктуу ядролук зат мембрана м-н капталбайт, б. а. цитоплазмадан чектелбе­ген. Ошондуктан алар бактерияларга киргизи­лип, ц и а н б а к т е р и я л а р деп аталат. Булар көк жашыл, кээде малакызыл ж-а кара түстө да жолугат. Түстөр андагы хлорофилл а, каротиноиддер, фикоэритриндер, фикоанан ж. б. пигменттердин болушуна байланыштуу.
К. ж. б. – бир клеткалуу (жип сымал) колония­луу организмдер. К. ж. б-дын көбөйүүсү бир клеткалууларында бөлүнүү жолу м-н жүрөт. Ал эми жип сымал өкүлдөрүндө жиптердин клет­калары бир нече бөлүктөргө топтолушуп, был­жырдын жардамы м-н өз алдынча бөлүкчө чы­гат. Бир нече убакыттан кийин ар бир бөлүк­чөлөр жетилип, өзүнчө жаңы жиптерди пайда кылат. Алар түрдүү экол. шартта (кыртышта, көлдө, дарак кабыгында, ысык булакта ж. б.) кездешет. Көпчүлүгү жогорку темп-рага чыдам­дуу, ысык ж-а жылуу булактарда да жашайт. К. ж. б-дын ичинен төмөнкү темп-рага чыдам­дуу түрлөрү да бар. 2000ден ашык түрдү кучагы­на алган үч классы белгилүү. Кырг-нда мерис­мопедия, носток, калотрикс, осцилатория ж. б. өкүлдөрү көп кездешет. Көп учурда башка орга­низмдер м-н симбиоздо жашайт. Кээси азот топ­тоо б-ча жөндөмдүү болгондуктан, жер семирт­кич катары пайдаланылат. Айрымдары өтө көп көбөйгөн учурда суу сактагычтарда суунун «гүлдөшүнө» алып келет. Кээ бир түрү тамак катары колдонулат.