КӨК-ЖАҢГАК ЧОПО КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨК-ЖАҢГАК ЧОПО КЕНИ Жалал-Абад
обл-нун Сузак районунда, Курган-Таш суусунун оң жээгинде, Көк-Жаңгак т. ж. бекетинен 0,6 км түндүктө, кыш з-дунун жанында, деңиз деңг.
1310–1368 м бийикте. 1953-ж. чалгындалган.
Кендин уз. 1200 м, туурасы 400–500 мге жетип,
түн.-батыштан түш.-чыгышка созулуп жатат. Кен аймагы төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон кумайлуу чоподон түзүлгөн. Анын калыңдыгы 11,7 мден 58,0 мге чейин өзгөрөт. Технол. изилдөөнүн негизинде кумайлуу чоподон
«100», «125» маркасындагы кыш алына тургандыгы аныкталган. Баланстагы запасы А категориясы б-ча 305 миң м3, В – 476 миң м3, С –
960 миң м3.