КӨК-ЖАҢГАК ГИПС КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨК-ЖАҢГАК ГИПС КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Сузак районунда, Көк-Жаңгак ш-нын түш. тарабында, Акман тоосунда жайгашкан. 1926-ж. табылып, 1952-ж. изилденген. Кен ай­магын палеоген мезгилинде пайда болгон кум­дук, чопо, алевролит, аргиллит, доломит тек­тери түзөт. Пайдалуу катмар чопонун арасында массивдүү ак гипстен турат. Калыңдыгы 90– 95 м. Гипстен кооз буюмдарды жасоого болот. Запасы С категориясы б-ча 403 миң м3.