КӨК БАЗИН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨК БАЗИН (Gentiana) – өсүмдүктөрдүн көк базиндер тукумунун уруусу. Бир, көп жылдык өсүмдүк, айрымдары чала бадал. Сабагы түз, тик өсөт, түксүз. Жалбырагы сапсыз, сабакка тушташ жайгашкан, жээги тегиз, сүйрү же ланцеттей, уз. 5–10 мм. Гүлү 4–5 мүчөлүү, желекчеле-

ри биригип өсүп, түтүкчөнү түзөт, түсү көк, кээде сары. 400гө жакын түрү жер шарынын бардык аймагында, негизинен Түн. жарым шарда кездешет. Кырг-нда 17 түрү бөксө тоодон бийик тоонун нымдуу жериндеги бийик ж-а жапыз
чөптүү шалбаада, боздоңдо, өзөндө, токой арасында ж-а сазда өсөт. Айрымдарынын (сары К. б. ж. б.) дарылык касиети бар. Кээ бир түрлөрү арак-шарап чыгарууда пайдаланылат. Бийик сабактуу К. б. кооздук үчүн гүлзарда өстүрүлөт.