КӨК-АЛМА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨК-АЛМА – Жалал-Абад обл-нун Базар-Коргон районундагы жердин ж-а Талды-Булак айыл округуна караштуу кыштактардын жалпы аты.
Табигый жаңгак–мөмө-жемиш токоюнун тилкесинде жайгашкан. Көк-Алма токойчулугунун аймагында, кокту-колоттордо, бири-биринен обочолонуп, деңиз деңг. 1120 м бийикте жайгашкан – К а р а - Ө й ү з, Э р е н ч е, М а з а р,
М а г а л айылдарынан турат. Райондун борбору Базар-Коргон кыш-нан 60 км түн.-чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 90 км. Бул айылдар Бабаш-Ата кырка тоосунун түн.
тармагы – Айры-Таш тоосунун түш.-чыгыш
капталындагы жапайы жаңгак-жемиш токойлуу аймакта жайгашкан. Аймактын табияты кооз, климаты жагымдуу, жер ортолук деңиздик климат сымал. Кышы мелүүн суук (январдын орт. темп-расы –3°Сден –10°Сге чейин), жайы
мелүүн ысык, серүүн, жайкы абанын темп-расы Фергана ойдуңунукуна караганда орто эсеп м-н 10°Сге төмөн болот; жаан-чачын арбын (жылына 1000 мм ж-а андан көп) жаайт. Калкы 2270 (2007). Айдоо жери 79 га (а. и. сугат жери 13 га, кайрак жери 66 га), калган жерин чабынды (6 га), жайыт (540 га), көп бөлүгүн жапайы жаңгак-жемиш токою (148 га) ээлейт. Калкы негизинен токойчулук (жаңгак, алма, алча ж. б. мөмө-жемиштерди жыйнашат), дыйканчылык (тамеки, май алынуучу өсүмдүктөр, нокот ж. б. эгишет), о. эле мал асырайт. Орто мектеп, китепкана, ФАП ж. б. бар. Кичи ишканалар, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода
жайлары иштейт. Жердин атынын биринчи –
«көк» компоненти топонимдерди изилдөөчүлөрдүн пикири б-ча иран тилдеринин «кух» деген сөзүнөн пайда болгон: «кух» – «тоо» деген
мааниде; ага ылайык «Көк-Алма» – «тоо алмасы» деген маанини билдирет.
Ө. Бараталиев.