КӨГАРТ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨГАРТ ӨРӨӨНҮ Сузак районунун аймагында. Фергана тоо тизмегинин түн.-батыш капталынан Кара-Дарыя өрөөнүнө чейин 80 кмге созулуп жатат. Туурасы 20 км. Таманынын абс. бийикт. 700–2000 м. Жогорку тоолуу бөлүгү Фергана тоо тизмегинин негизги суу бөлгүчү ж-а анын айрыктары м-н чектелген бир нече өрөөн, капчыгайларга (Жошо, Орток, Кара-Алма, Үрүмбашы, Кызыл-Суу ж. б.) бөлүнүп кетет. Төмөнкү түзөң бөлүгү (уз. 55 км) жайык (таманынын
туурасы 6–8 км). Жалпы эңкейиштиги 5°–1°.

Түш.-чыгыш тарабынан Серүүн-Дөбө, Айып-Тоо (бийикт. 1300–2400 м), түн.-батышынан Чаңгыр-Таш (1300–1800 м) тоолору м-н чектешет.
Тектон. жактан К. ө. – аллювий чөкмө тектери
толгон кеңдик б-ча жаткан синклиналь. Чөкмөлөрдүн эң калың катмары Жалал-Абад ш-на жакын жатат. Адырлар негизинен неоген мезгилинин конгломерат, мергелдүү чопо, тоолуу бөлүгү юранын чополуу сланец тектеринен турат. Айрым жеринде (Серүүн-Дөбө) палеозойдун акиташ, сланец тектери кездешет. Климаты мелүүн континенттик, тоо тарабында мелүүнүрөөк. Түздүгүндө январдын орт. темп-расы –
4,3°С, июлдуку 25°С. Абс. макс. 41,1°С; абс. мин.
–28°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 468–
900 мм. Сууларынын ириси – Көгарт суусу (орт.
чыгымы 18,3 м3/сек). Жарым чөл ж-а кургак талаа (700–1000 м бийикте, боз топурактуу келип, ак шыбак, эбелек, камгак ж. б. өсүмдүктөр
өсөт), талаа (1000–1400 м; бозомук күрөң топурактуу, бадалдар, буудайык, кызыл от ж. б.), жаңгак-жемиштүү токой (1400–2400 м күрөң
ж-а кара күрөң топурактуу), шалбаалуу талаа, субальп ж-а альп шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Бийик бөлүгү аска-зоокалуу, шагыл таштуу. Өрөөндө Жалал-Абад ш., Сузак, Бек-Абад, Октябрь, Жийде ж. б. кыш. жайгашкан.
Ад.: Ракитников А. Н. Сельскохозяйственные зоны Восточной Ферганы // Уч. зап. МГУ, 1939, вып. XXI; Рахманов Р. О. Зональности рельефа и рельефообразующих процесс ов на ю го-з ападном склоне Ферганского хребта // Изв. АН Кирг. ССР, ¹ 5, Ф., 1973; Атлас Киргизской ССР. М., 1987; Кыргыз жергеси. Ф., 1990.