КӨБҮҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨБҮҮ – айлана-чөйрөдөн суюктукту же бууну сиңирип алуудан катуу заттардын көлөмүнүн же массасынын чоңоюшу. К. чектүү ж-а чексиз болуп бөлүнөт. Биринчисинде белгилүү көлөмгө жеткенде, К. токтолот ж-а көбүүчү өз келбетин сактайт, мис., гель сымал ион алмашуучу чайырлар сууда, жумшартылган каучук бензолдо чектүү көбөт. Экинчи учурда полимер м-н суюктуктун өз ара диффузиясынын натыйжасында фаза аралык чек жоюлуп, К. полимердин толук эрип кетүүсү м-н аяктайт. Кээде чектүү темпранын жогорулашы м-н чексиз К-гө өтөт. К. техникада, турмуш-тиричиликте кенен колдонулат.