КӨБҮК-СУУ ТУЗ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨБҮК-СУУ ТУЗ КЕНИ Нарын обл-нун Жум­гал районунда, Сары-Камыш кыш-нан 8 км түш. тарапта, деңиз деңг. 1200–1500 м бийикте. Геол. издөө иши 1973-ж. жүргүзүлгөн. Таш көмүр мез­гилинде пайда болгон туздуу катмарда калың­дыгы 19,8–22,1 м, уз. 800–900 м жеткен галит минералы бар кабат изилденген. Кабаттагы чопо, кум ж-а шагылдын өлчөмүнө жараша хлордуу натрий 35,79–56,1%тен 69,98–71,45%ке чейин өзгөрөт. Малга тоют туз катары пай­даланса болот. Запасы С2 категориясы б-ча 300 миң т.