КӨБӨЙҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨБӨЙҮҮ – организмдердин өзүнө окшош муун­дарды жаратып, белгилер м-н касиеттердин укумдан тукумга берилишин, тиричиликтин үз­гүлтүксүз уланышын камсыз кылуучу касиети. К-нүн негизги үч түрү (жыныссыз, жыныстык ж-а вегетациялык) бар. Ж ы н ы с с ы з К. татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө споралардын жардамы м-н, жөнөкөйлөрдө жыныстык жак­тан жетилбеген клеткалардын ортосунан бөлү­нүшү м-н өөрчүйт. В е г е т а ц и я л ы к К-дө жаңы организм дененин көп клеткалардан тур­ган бөлүгүнөн калыптанат. Ага көбүнчө көп клеткалуу организмдин, өзгөчө өсүмдүктүн К-сү кирет. Ж ы н ы с т ы к К-дө көп клеткалуу организмдер мейоздук бөлүнүүнүн натыйжасын­да жыныстык клеткалар – гаметалар пайда бо­лот да, алар кошулуп (уруктанып), зиготаны пайда кылат. Зигота өөрчүп, жаңы организмге айланат. Уруктанууда гаплоиддүү гаметалардын хромосомалары кошулуп, диплоиддүү клеткага a айланып, тукум куугуч белгилер берилет. Урук­тануунун 3 түрү (изогамия, анизогамия же гете- рогамия ж-а оогамия) белгилүү. Изогамияда көлөмү, сырткы көрүнүшү б-ча бири биринен айырмаланбаган 2 гамета кошулат. Анизогамия­да кошулган гаметалардын экөө тең кыймыл­дуу, бирок энелик гамета аталыкка караганда чоң болот. Оогамияда кыймылсыз энелик клет­ка м-н кыймылдуу, майда аталык гаметалар – сперматозоиддер кошулат. К. организмдердин жашоосунда бир гана же көп жолу болушу мүмкүн. Бөлүнүү жолу м-н К-чү бир клеткалуу организмдер, бир, эки жылдык гүлдүү өсүм­дүктөр – монокарптар, кээ бир балыктар өмүрүн­дө бир гана жолу көбөйүп, тукум берет. Ал эми башка организмдер, мис., жаныбарлар, көп жылдык өсүмдүктөр – поликарптарда К. көп жолу кайталанат. К-нүн жүрүшүнө чөйрө фак­торлору – темп-ра, азык заттар, жарык чоң таа­сир тийгизет. К-дөн пайда болгон тукумдун саны түрдүүчө, мис., пил 3–4 жылда бирди тууса, трес­ка балыгы бир өрдөө маалында 10 млн, айрым балыктар 300 млнго жакын урук таштайт. Та-

таал түзүлүштүү жаныбардын ж-а адамдын К-сүн нерв системасы жөнгө салат, к. Жыныссыз көбөйүү, Вегетациялык көбөйүү.