КӨБӨЙТҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨБӨЙТҮҮ – ар кандай эки чыныгы сан б-ча үчүнчү чыныгы санды табуучу арифм. амал. Мис., a–b=c, a, b – К-чүлөр, c – көбөйтүндү; де­мек, a санын b санына К. а санын өзүн өзүнө b жолу кошуу дегенди билдирет. К. амалы x бел­гиси м-н белгиленет (англис математиги У. Оут­ред 1631 же немис математиги Г. Лейбниц (1698) ж-а аxb, а–b же аb деп жазылат. c ж-а бөлчөк сандарын К. b d bd барабардыгы м-н аныкталат. Эки рационалдык санды К-дө абс. чоңдугунун көбөйтүндүсүнө барабар болгон ж-а эки К-чү тең бирдей белгиде болсо, анда плюс (+), түрдүү белгиде болсо, минус (–) белгидеги сан алынат. Иррационалдык сандарды К. алар­ды рационалдык жакындатуунун жардамы м-н эсептелет. Комплекстик сандарды К. төмөнкү ба­рабардыкта аткарылат: (a+bi)(c+di)=ac–bd+ +(ad+bc)i ж. б. Сандарды К. төмөнкүдөй касиет­терге ээ: ab=ba орун алмаштыруу закону; abc = =(ab)c = a(bc) топтоштуруу закону; а(b+c)=ab+ +bc, бөлүштүрүү закону ж-а а.0 = 0; а.1= а.