КОШ ЭЛЕКТР КАТМАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КОШ ЭЛЕ́КТР КАТМАРЫ – фазалардын тийишкен чегинде (электрод-электролит) карамакаршы иондордун бөлүштүрүлүшүнүн натыйжасында электроддук кудуреттин пайда болушу м-н коштолгон катмар. Ал электродду жөнгө салуучу Кулон күчү м-н электролиттеги иондордун кыймылынан пайда болот. Анын түзүлүшү бири оң, экинчиси терс заряддалган катмардан турат ж-а бир капталы катуу, экинчиси суюк конденсатор сыяктуу. К. э. к. гельмгольц ж-а диффузиялык катмарлардан турат. Иондордун заряды, электролиттин концент-сы жогорулаганда ж-а темп-ра төмөндөгөндө, К. э. к-нын калыңдыгы азаят. К. э. кубулуштарды катуу зат м-н суюктуктардын, газ м-н катуу заттардын тийишүү беттеринде пайда болот. Электролиз, электр-хим. реакция, металл коррозиясы, ион алмашуу ж. б. түшүндүрүүдө чоң мааниси бар.