КОШ-ДӨБӨ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КОШ-ДӨБӨ (1936-ж. чейин М ы н а - К е л д и) – Нарын обл-нун Ак-Талаа районундагы кыш­так. Кош-Дөбө айыл округуна караштуу. На­рын – Макмал автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 2125 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Баетов кыш-нан 86 км түш.-батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 386 км. Кыш­так 1929-ж. орношкон. Калкы 3109 (2007); не­гизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, клуб, бала бакча, оорукана, поликли­ника, дарыкана бар. Соода түйүндөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор­го эстелик тургузулган.