КИМБЕРЛИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
No edit summary
14 сап: 14 сап:
Ад.: <i>Доусон Д.</i> Кимберлиты и ксенолиты в них. М., 1983; <i>Францессон Е. В., Лутц Б. Г.</i> Кимберлитовый магматизм древних платформ. М., 1995.
Ад.: <i>Доусон Д.</i> Кимберлиты и ксенолиты в них. М., 1983; <i>Францессон Е. В., Лутц Б. Г.</i> Кимберлитовый магматизм древних платформ. М., 1995.
[[Категория:4-том, 257-306 бб]]
[[Категория:4-том, 257-306 бб]]

03:58, 31 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КИМБЕРЛИ́Т (Түш. Африкадагы Кимберли ш-нан табылган ж-а анын атынан аталган) – курамын­да алмаз кристаллдары бар ультранегиздүү маг­ма теги. Негизинен оливин (60%), кальцит (14%), флогопит (13%), пироп м-н диопсид (6%), апа­тит, перовскит минералдары (7%) кездешет.
Өзгөрүлбөгөнү көгүш кара түстө, өтө нык, брек­чия сымал. Магмадан көтөрүлүп чыккан газ­дардын жарылуусунан келип чыгат. Боштуктар­ды, көңдөйлөрдү толтурат. Мындай боштуктар К. түтүгү деп аталат. Түтүк тегерек түспөлдө бо­луп, диаметри 25–800 мге жетет. Утур тереңде­ген сайын ичкерип отуруп дайкага айланат.
К. жер кыртышынын терең бөлүгүндө пайда болуп, жегич-ультранегиздүү курамы м-н мүнөз­дөлөт. Тоо тектердин лампрофирлер тобуна ки­рет, башка тектердин петрохим. өзгөчөлүктөрү м-н айырмаланат. Курамында титан, алюминий, калий, фосфор, магний, натрий, темир көптүк кылат. Карбонатиттерге караганда стронций ж-а сейрек кездешүүчү элементтер жокко эсе.
Терминди биринчи жолу англ. геолог К. Льюис 1887-ж. сунуш кылган. Ал бардык алмаз кез­дешүүчү жарылуу түтүгүндөгү тоо тектерди К. деп атаган. К. – өтө нык, брекчия түрүндөгү тоо тек. Цементи күчтүү өзгөрүүлөргө дуушарланган. Негизги массасы эң майда порфирлүү, айнек сыяктуу, карбонат-серпентиндүү. Оливин, фло­гопит, кенташ минералдары, бир аз апатит, кли­нопироксен кездешет. Микролиттик түзүлүштөн турат. Акцессор түрүндө пироп, хромшпинелид, циркон, алмаз жолугат. Жарылуу түтүгүн пай­да кылуучу К-ке брекчия, туф түрүндөгү тексту­ра, дайка, шток, силл, штокверктерди түзүүчү интрузиялык К-ке массивдүү текстура мүнөздүү.


К. порфирлүү структурага ээ. К. алмаз кени жолугуучу түзүлүш болуп саналат, о. эле гра­нат, оливин, циркон сыяктуу асыл таштар да кездешет. Бардык континенттик жер кырты­шында жолугат (к. Алмаз).


Ад.: Доусон Д. Кимберлиты и ксенолиты в них. М., 1983; Францессон Е. В., Лутц Б. Г. Кимберлитовый магматизм древних платформ. М., 1995.