КУТТУБАЕВ Аманкул: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera moved page КУТТУБАЕВ 1 to КУТТУБАЕВ Аманкул) |
(Айырма жок)
| |
11:42, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КУТТУБАЕВ Аманкул (20. 5. 1907, азыркы Чүй облусу, Сокулук району, Белек айылы – 18. 6. 1984, Фрунзе шаары (азыркы Бишкеке)) – режиссёр, актёр, Кыргыз ССР эл артисти (1946), Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1970). Москвадагы Луначарский атындагы театр

институтунун режиссёрдук факультетинде окуган (1935–1941). Чыгармачылык жолун 1926-жылы Бишкек шаарында ачылган музыкалык драма студиясынан баштаган. Алымкулдун (1927, Н. Еленин, «Козголоң» «Кожо Насирдин»), Карабайдын (1929, Фурманов, Поливанов) жана башка ролдорду аткарган. 1930-жылы К. Жантөшевдин «Алым менен Мария» драмасын коюп, кыргыз театр өнөрүнүн тарыхында туңгуч режиссёр катары таанылган. Куттубаев 1930-жылы ачылган Кыргыз мамлекеттик драма театрынын режиссёру, 1931-жылдан башкы режиссёру болуп иштеген. Т. Байжиевдин «Кырманда» (1931), Р. Шүкүрбековдун «Бейит арасында» (1934), өзүнүн «Колхоз душмандары» (1938), «Жаңыл» (К. Маликов менен бирге) драмаларын койгон. Куттубаевдин режиссёрдук дараметин тааныткан Ж. Турусбековдун «Ажал ордуна» (1934) музыкалык драмасы болгон. 1939-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында көркөм жетекчи, башкы режиссёр, 1952–1963-жылдары анын директору жана режиссёру болгон. «Майсарынын жоруктары» (С. Юдаков), «Кармен» (Ж. Бизе), «Патриоттор», «Манас» (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере), «Көкүл» (М. Раухвергер), «Айдар жана Айша» (А. Аманбаев, С. Германов), «Токтогул» (А. Веприк) операларын, «Ким кантти» (М. Абдраев, А. Аманбаев, А. Малдыбаев, А. Түлөев)

музыкалык комедиясын, «Биз баягы эмеспиз» (К. Маликов, А. Куттубаев) драмасын койгон. Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.
Ад.: Күмүшалиев К. А. Куттубаев. Ф., 1958.