КУЙРУЧУК Кудайберген Өмүрзак уулу: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КУЙРУЧУК</b> [өз аты-жөнү – К у д а й б е р г е н Өмүрзак уулу; 1866, Курманкожо-Кулжыгач (азыркы Нарын | <b type='title'>КУЙРУЧУК</b> [өз аты-жөнү – К у д а й б е р г е н Өмүрзак уулу; 1866, Курманкожо-Кулжыгач (азыркы Нарын облусу, Жумгал району, Куйручук айылы) – 1940, ошол эле жер] – эл куудулу, ырчы. | ||
[[File:КУЙРУЧУК 13.png | thumb | none]] | [[File:КУЙРУЧУК 13.png | thumb | none]] | ||
Атасы Өмүрзак көрүнгөн байга жалчы жүрүп оокат өткөргөн. Энесинен эрте ажыраган. 14 жашынан байлардын жумушун кылып, турмуштун оордугун көп тарткан. Ошон үчүн эзүүчүлөр менен жарды-жалчылардын ортосундагы тымызын каршылыкты, курч келишпестикти эртерээк ажыратып, коомдук мамилелерге сергек кароого үйрөнгөн. Ал өз чөйрөсүндөгү бай-манап, молдо, бий-болуштардын терс кылык-жоруктарын эл алдында тартынбастан ашкерелеген. | Атасы Өмүрзак көрүнгөн байга жалчы жүрүп оокат өткөргөн. Энесинен эрте ажыраган. 14 жашынан байлардын жумушун кылып, турмуштун оордугун көп тарткан. Ошон үчүн эзүүчүлөр менен жарды-жалчылардын ортосундагы тымызын каршылыкты, курч келишпестикти эртерээк ажыратып, коомдук мамилелерге сергек кароого үйрөнгөн. Ал өз чөйрөсүндөгү бай-манап, молдо, бий-болуштардын терс кылык-жоруктарын эл алдында тартынбастан ашкерелеген. Мисалы, «Жалаада» манап уялбай өз кылмышын кедей жигитке жабыш­тырганын ашкерелеп, Куйручук курч, өтүмдүү сөзү менен кедей жигитти манаптын жалаасынан кутка­рып алат. «Бейиттеги үн», «Арбак» дегендей жоруктарында динчилерди жана аларга сокур жетелегендерди мыскылдайт. «Манасым барда кайда болсо кономдо» сараң кишилерди сынга алат. Куйручук куудул гана эмес, төкмө акын да болгон (мисалы, атактуу Найманбай ырчы менен айтышы). Ал «Манас» жомогунун айрым бөлүгүн жана башка дастандарды да айткан. Кыргыздын оозеки чыгармаларын, улама сөздөрүн, санжырасын көп бил­ген, кепке уста, ашкан чечен адам болгон. Куйручуктун куудул сөздөрү бизге толук жеткен жок. Анын таамай айтылган курч сөздөрү, күлкүлүү жоруктары эл ичинде алигүнчө ылакап катары айтылат. 27 жашка чыкканга чейин 18 жолу балбан күрөшкө түшкөнүн өзү эскерген («Кыр­гызстан пионери», 1938, ¹ 54). Алган байгеле­рин жарды-жармачтарга таратып берчү экен. Жазуучу К. Бектенов Куйручуктун мурасын чогултуп, ал жөнүндө китеп жазган. | ||
Ад.: <i>Бектенов К.</i> Куйручук. Ф., 1960; Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Ф., 1973. <i>ӨскөналыЭ.</i> Кудай сүйгөн Куйручук. Б. 2011. | Ад.: <i>Бектенов К.</i> Куйручук. Ф., 1960; Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Ф., 1973. <i>ӨскөналыЭ.</i> Кудай сүйгөн Куйручук. Б. 2011. | ||
[[Категория:4-том, 597-656 бб]] | [[Категория:4-том, 597-656 бб]] | ||
08:52, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУЙРУЧУК [өз аты-жөнү – К у д а й б е р г е н Өмүрзак уулу; 1866, Курманкожо-Кулжыгач (азыркы Нарын облусу, Жумгал району, Куйручук айылы) – 1940, ошол эле жер] – эл куудулу, ырчы.

Атасы Өмүрзак көрүнгөн байга жалчы жүрүп оокат өткөргөн. Энесинен эрте ажыраган. 14 жашынан байлардын жумушун кылып, турмуштун оордугун көп тарткан. Ошон үчүн эзүүчүлөр менен жарды-жалчылардын ортосундагы тымызын каршылыкты, курч келишпестикти эртерээк ажыратып, коомдук мамилелерге сергек кароого үйрөнгөн. Ал өз чөйрөсүндөгү бай-манап, молдо, бий-болуштардын терс кылык-жоруктарын эл алдында тартынбастан ашкерелеген. Мисалы, «Жалаада» манап уялбай өз кылмышын кедей жигитке жабыштырганын ашкерелеп, Куйручук курч, өтүмдүү сөзү менен кедей жигитти манаптын жалаасынан куткарып алат. «Бейиттеги үн», «Арбак» дегендей жоруктарында динчилерди жана аларга сокур жетелегендерди мыскылдайт. «Манасым барда кайда болсо кономдо» сараң кишилерди сынга алат. Куйручук куудул гана эмес, төкмө акын да болгон (мисалы, атактуу Найманбай ырчы менен айтышы). Ал «Манас» жомогунун айрым бөлүгүн жана башка дастандарды да айткан. Кыргыздын оозеки чыгармаларын, улама сөздөрүн, санжырасын көп билген, кепке уста, ашкан чечен адам болгон. Куйручуктун куудул сөздөрү бизге толук жеткен жок. Анын таамай айтылган курч сөздөрү, күлкүлүү жоруктары эл ичинде алигүнчө ылакап катары айтылат. 27 жашка чыкканга чейин 18 жолу балбан күрөшкө түшкөнүн өзү эскерген («Кыргызстан пионери», 1938, ¹ 54). Алган байгелерин жарды-жармачтарга таратып берчү экен. Жазуучу К. Бектенов Куйручуктун мурасын чогултуп, ал жөнүндө китеп жазган.
Ад.: Бектенов К. Куйручук. Ф., 1960; Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Ф., 1973. ӨскөналыЭ. Кудай сүйгөн Куйручук. Б. 2011.