КОРЕЯ 1: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 34 сап: | 34 сап: | ||
Чо Мен Хи, Сон Енди, акындар Пак Се Ен, Пак Пхар Ян, Лим Хва ж. б.) түзүлгөн. К-нын 1948- жылдан кийинки ад-тын Корея Респ-сынын ж-а Корей элдик Демокр. Респ-нын ад-тын кара. | Чо Мен Хи, Сон Енди, акындар Пак Се Ен, Пак Пхар Ян, Лим Хва ж. б.) түзүлгөн. К-нын 1948- жылдан кийинки ад-тын Корея Респ-сынын ж-а Корей элдик Демокр. Респ-нын ад-тын кара. | ||
==Архитектура | ==Архитектура жана сүрөт искусствосу== | ||
Биздин заманга чейинки I кылымдагы көрүстөндөрдө (дольмендер, үкөк форма­сындагы мүрзөлөр жана башкалар) металл шаймандар жана кооз чопо идиштер калган. Когурьё мамле­кетинин башкаруучулары менен ак сөөктөрдүн IV–VII кылымдардагы көрүстөндөрү көпчүлүгү байыркы бор­бор Куннэсондун жана V кылымдан кийин борбор болгон Пхеньяндын айланасында жайгашкан. Көрүстөндөр эки типке бөлүнөт: тепкич түрүндөгү таш пирамидалар жана имаратты көөмп тур­ган коргон дөбөлөр. | |||
[[File:КОРЕЯ 140.png | thumb | «Мергенчилик сценасы». Анак уездиндеги ¹ 3 күм­бөздөгү сүрөт. Когурьё мезгили. | [[File:КОРЕЯ 140.png | thumb | «Мергенчилик сценасы». Анак уездиндеги ¹ 3 күм­бөздөгү сүрөт. Когурьё мезгили. | ||
]] | ]]Алардын дубалдары менен шыптары сүрөттөр менен кооздолгон. Кореянын VIII кылымда Силла мамлекетине биригиши анын мадания­тын жаңы бийиктикке көтөргөн. Шаарлар ку­рула баштаган. IV–VI кылымдарда Кореяда буддизмдин тара­лышы менен храм ансамблдери пайда болгон: VIII кылымда Кёнжуда Соккурам үңкүр храмы, Пульгукс комплекси (XIV кылымда кайра курулган), Таботхап | ||
менен Соккатхап пагодалары менен курулган. VII–X кылымдардагы Корея айкелчилигинде Индия менен Кы­тайдын будда оюу-чийүүлөрү образдардын жан­дуулугу менен формалардын ийкемдүүлүгүн айкалыштырган | |||
[[File:КОРЕЯ 141.png | thumb | Коло күзгү «сымун­тён». Сунжон (Сеул) | [[File:КОРЕЯ 141.png | thumb | Коло күзгү «сымун­тён». Сунжон (Сеул) унмверситетинин коллек­циясы Биздин заманга чейинки III–I к. | ||
]] | ]](Будданын статуясы жана Кваным ботхисатванын горельефи – Соккурам храмы, VIII кылым). | ||
Кёнжудагы көрүстөндөрдүн жанынан та­былган жоокерлердин, айбанаттардын жана башакалардын таш эстеликтери сомдолгон монументтүүлүгү менен айырмаланат. Бул мезгилдеги жасалга-колдон­мо өнөрүнө таш жана металл иштетүү, жибек то­куучулук, лак буюмдарын чыгаруу, бамбук бу­ласы менен чөптү эшүү жана башкалар мүнөздүү, Корё мам­лекетинин доорунда (918–1392) пагодалардын формасы татаалдап, ярустарынын саны көбөй­гөн (Кёнгидо провинциясындагы Хёнхвас хра­мынын 7 ярустуу пагодасы, XI кылым), салттык 4 кырдуу пагодалар менен катар 6–8 кырлуу куру­луштар (Канвондо провинциясындагы Вильжонс монастырынын 9 ярустуу октагондук пагодасы, XI–XII кылымдар) салынган. Стилдик жактан да көп түрдүү болгон. | |||
формасы татаалдап, ярустарынын саны көбөй­гөн (Кёнгидо провинциясындагы Хёнхвас хра­мынын 7 ярустуу пагодасы, | |||
кырдуу пагодалар | |||
[[File:КОРЕЯ 142.png | thumb | Атчан жоокер кел­ | [[File:КОРЕЯ 142.png | thumb | Атчан жоокер кел­бетиндеги шарап куюлуучу идиш. Карапа. Корея улуттук музейи. V–VI кылымдар. Сеул. | ||
улуттук музейи. | ]]Бул доордун архитектурасы жасалгага бай. Монумент айкели мыкты өнүгүп, тушь жана суу боёк живописи кеңири тараган. Таштан жана фарфордон, карападан идиш жасоо | ||
өөрчүгөн. Сүрөт искусствосун өнүктүрүү XIV кылымда сарайда уюштурулган Тохвасо мекемеси олут­туу роль ойноп, живопись академиясынын кыз­матын аткарган. Чосон мамлекети мезгилинде көркөм мад-тка неоконфуцийчилик зор таасир тийгизген. Буддисттик храмдар алыскы тоолуу райондордо курулган. Сакталып калган храм­дардын көбү Чосон мезгилинин экинчи жарымында тургузулган. | |||
]] | |||
өөрчүгөн. Сүрөт | |||
[[File:КОРЕЯ 143.png | thumb | Син Юн Бок. «Кайыктагы концерт». Тушь, суу боёктор. | [[File:КОРЕЯ 143.png | thumb | Син Юн Бок. «Кайыктагы концерт». Тушь, суу боёктор. XVIII кылымдын аягы. Кансон искусство музейи. Сеул. | ||
]] | ]]Падыша сарайларын куруу­да бай жасалга менен зор салтанаттуулук айка­лыштырылып (Кёнбоккун ак сарай комплек­си,1395, 1592-жылы өрттөлүп, XIX кылымдын 2-жарымын­да калыбына келтирилген; Чхандоккун комп­лекси, 1405–1412, 1592-жылы бузулган, 1607–1610-жылдары калыбына келтирилген), ландшафт компози­циялуу бак-парктарды түзүүгө көп көңүл бөлүн­гөн (Чхандоккун комплексиндеги Сырдуу бак). | ||
калыбына келтирилген), ландшафт компози­циялуу бак-парктарды түзүүгө көп көңүл бөлүн­гөн (Чхандоккун комплексиндеги Сырдуу бак). | Чосон мезгилиндеги Корея живописинин тарыхын 3 мезгилге – эрте (1392–1550), ортонку (1550– 1700) жана соңку (экиге бөлүнөт), 1700–1850, 1850–1910) чосон мезгилдерине бөлүп карашат.<br>Эрте мезгилде Го Си, Ми Фу жана уулу Ми Южен, Ан Гён, Кан Хи Ан ж. б. белгилүү болсо, ортон­ку мезгилдин ири чеберлери | ||
Чосон мезгилиндеги | |||
Эрте мезгилде Го Си, Ми Фу | |||
[[File:КОРЕЯ 144.png | thumb | Сеулдагы Чхандоккун ак сарайы. | [[File:КОРЕЯ 144.png | thumb | Сеулдагы Чхандоккун ак сарайы. 1405–1412-жылдары курул­ган, 1592-жылы бузулуп, 1607–1610-жылы калыбына келти­рилген. | ||
]] | ]]Ли Жин, Ким Мён­чук жана башкалар болгон. «Гүл-чымчык» (хваджохва) жанрында көп сүрөтчүлөр ийгиликтүү иштеш­кен. XVIII кылымда өнүккөн пейзаж живописи – чин­гён сансухва багытында (чыныгы көрүнүштөгү пейзаж) Чон Сен, Ким Ын Хван, Ким Хон До жана башкалар иштеген. Соңку мезгилдин аягында Ким Чон Хи, Хо Рён, Тен Сын Обо заманбап живо­пистин пайда болушуна негиз түзүшкөн. | ||
Чон Хи, Хо Рён, Тен Сын Обо заманбап живо­пистин пайда болушуна негиз түзүшкөн. Жа­салга-колдонмо өнөрүндө мурункудай эле кара­панын ролу зор болгон. Негизи бардык эле сүрөтчүлөр «гүл-чымчык» жанрында иштешкен. | Жа­салга-колдонмо өнөрүндө мурункудай эле кара­панын ролу зор болгон. Негизи бардык эле сүрөтчүлөр «гүл-чымчык» жанрында иштешкен. XIX кылымдын аягында май боёк живописи техника­сы менен иштеген алгачкы сүрөтчү Токиодогу көркөм искусство окуу жайын бүтүргөн Ко Хи Дон | ||
болгон. | болгон. XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында Ко­рея искусствосуна Батыштын көркөм салттары кире баштап, европ. стилдеги имараттар курулган. | ||
==Музыкасы== | ==Музыкасы== | ||
Корея улуттук музыкасы IV кылымдан ка­лыптана баштаган. Көп аспаптарды (комунго жана башкалар) жасаган Ван Санака (VI кылым), ырчы жана 200дөй композициянын автору, каягым аспа­бын кураган Урыктын (VI кылымдын аягы) чыгармачылыгы ал кез үчүн маанилүү болгон. XIV–XVI кылымдарда бор­бордо чоң оркестр, хор оюн көрсөтүп, көрүнүктүү музыканттар иштеген. Корея музыкасынын өнүгү­шүнө Пак Ен (XV кылым) көп салым кошкон. Ал туңгуч музыкалык окуу жайын негиздеп, байыркы ас­паптарды классификациялап, өзү да элдик му­зыканын чебер аткаруучусу болгон. 1432-жылы нота жазуунун өзүнчө системасы түзүлгөндүктөн, эски обондор сакталган. Согуштун кесепетинен XVI к­ылымдын 2-жарымынан музыка өрүш албай, негизи­нен элдик ырлар гана өнүккөн. XIX кылымда пхансо­ринин обону боюнча үн таануу системасы иштелип чыгып, анын негизинде элдик музыка драма (чхан­гык) өсүп, кийин улуттук операга айланган. XX кылымда европалык музыка кире баштаган, бирок 1910-жылы башталган жапон колониячылыгы 1945-жылга чейин музыкалык маданияттын өсүшүнө кедерги болгон. 1920-жылы батыштын белгилүү музыкасынын таасиринде понсонхва жанры пайда болгон. 1945-жылы Пхе­ньянда биринчи Корея симфониялык оркестри түзүлгөн. | |||
ал кез үчүн маанилүү болгон. | |||
чыгып, анын негизинде элдик | |||
понсонхва жанры пайда болгон. 1945- | |||
==Театры== | ==Театры== | ||
Орто кылымда театрдын калыптаны­шына элдик ырчылар менен жомокчулардын өнө­рү түрткү берген. XV кылымда бий жана драмалык эле­менттер айкалышкан сандэгык театр жанры негизгилерден болгон. Комыгык театры X кылымда­гы буддалык мистериянын элементтерин кир­гизген. XVII кылымда европалык ярмарка театрларын жа­кындашкан кыдырма труппалар кеңири бел­гилүү болгон. Алар музыкалык оркестр менен па­радды баштап чыгышкан. Хвагык сүйлөшүү театры музыканы жана бийди пайдаланган. XIX кылымда Кореянын профессионал театры калыптана баштаган. Байыркы пхансори – жомокчулар искусствосунун негизинде чхангык музыкалык театры пайда болгон. 1908-жылы Сеулда «Вонгакса» теат­ры уюшулгандан Корея театрынын тарыхы башта­лат. Анын түзүүчүсү Ли Ин Жик байыркы улут­тук салт менен европалык бийдин техникасын бирик­тирүүгө аракеттенген. Батыш театрын жайыл­туучу жана актёрдук билим алууну киргизген Хён | |||
баштаган. Байыркы пхансори – жомокчулар | Чол Япониядан окугандан кийин 1920-жылы Сеул­да театр мектебин, кийинчерээк актёрдук окуу жайын түзүп, анда европалык жана кореялык пьеса­ларды койгон. 1923-жылы Жапониядан билим алган корейлер тобу Пак Сун Хинин жетекчилигинде Сеулда «Тоулхе» театрын уюштурган (1932-жылга чейин иштеген). Жапониядан билим алган режис­сёр Хон Хе Сон 1931-жылы Сеулда «Спектаклди изил­дөө» аттуу театрын ачкан. Кореяны балет өнөрү менен алгач 1926-жылдан Кореяда иштеген жапон бийчиси, Сэ Ён Хан тааныштырган. Хореография өнө­рүнүн андан аркы өнүгүшү Цой Сын Хинин ысы­мына байланыштуу Ал 1926-жылы Сеулда корей элдик жана батыш классикалык мектебин ачкан. Профессионал куурчак театры 1945-жылы ачылган. | ||
Чол Япониядан окугандан кийин 1920- | |||
чейин иштеген). | |||
==Киносу== | ==Киносу== | ||
. Биринчи кино 1903- | . Биринчи кино 1903-жылы көрсөтүлгөн. Ошол эле жылы Сеулда чет мамлекеттик кинолорду көрсөтүүчү кинотеатр ачылган. Улуттук кине­матографияда биринчи тасма «Сүйүшкөндөрдүн ай астындагы анты» болгон (1923, режиссёру Юн Пэк Нам. Кино өнөрүнүн телчигиши жапон баскынчы­ларынын көзөмөлүндө жүргөн. 1920-жылдардын башында тартылган «Чхунхян жөнүндө баян» тасмасы маанилүү окуя катары таанылган. Үнсүз кинонун ири чебери актёр жана режиссёру Ун Гю («Ари­ран», 1926) болгон. Биринчи үндүү тасма – «Чхунхян жөнүндө баяндын» жаңы версиясы (1935, режиссёру Ли Мён Ву). 1930-жылдардын аягын­да тыкыр көзөмөл кинону кризиске учуратып, көптөгөн кино ишмерлери ишин токтоткон же эмиграцияга кеткен. 1942-жылы корей тилинде кино тартууга тыюу салынган. | ||
«Чхунхян жөнүндө баяндын» жаңы версиясы (1935, | |||
Ад.: Корейское классическое искусство. М., 1972; | Ад.: Корейское классическое искусство. М., 1972; | ||
| 91 сап: | 73 сап: | ||
полуострова (РК и КНДР) // Политические системы и политические культуры Востока. 2-е изд. М., 2007. | полуострова (РК и КНДР) // Политические системы и политические культуры Востока. 2-е изд. М., 2007. | ||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
07:36, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОРЕ́Я (корейче Чосон) – Чыгыш Азиядагы 1948-ж. чейин өкүм сүргөн. мамлекет. Корея ж. а-нда, ага туташ материк бөлүгүндө жакынкы аралдарда жайгашкан.
Тарыхы
. Пхеньян ш-на жакын аймактардан табылган Комынмору, Кымпхари тургун жайлары, Тэхёндон үңкүрү ж. б. Корея ж. а-нда палеолит доорунда эле адам жашагандыгын далилдейт. Б. з. ч. 1-к-да К. аймагында уруу союздары түзүлүп, анын негизинде феод. мамлекеттер – Когурё, Пэкче ж-а Силла (б. з. 1–7-к.)
пайда болгон. 6-к-дын ортосунда Корей ж. а-на
үстөмдүк кылуу үчүн бул мамлекеттердин ортосунда күрөш башталган. Силланын башкаруучулары Кытайдын Тан империясы м-н келишим түзүп, 660-ж. Пэкчени, 668-ж. Когурёни караткан. Бириккен Силла Кытай м-н саясий, экон. ж-а маданий жактан тыгыз байланышта болуп, башкаруу ж-а жер иштетүү системасы кытай
үлгүсүндө уюшулган. 8–9-к-да конфуцийлик
билим берүү системасы ишке ашып, корей элдик тили ж-а мад-ты калыптана баштаган. 9–
10-к-да Бириккен Силла мамлекетинде бытырандылык башталып, анын аймагында Тхэбон (901), Корё, Хупэкче (900) ж. б. мамлекеттер негизделген. 936-ж. Корё башкаруучусу Ван Гон
өлкөнү кайрадан бириктирген. 993, 1010–11,
1018–19-ж. Корёго жасаган кидандардын тынымсыз жортуулдарынын мизи майтарылган.
Өлкөдө кол өнөрчүлүк, соода өнүгүп, монета
чыгарылган. 992-ж. конфуцийлик жогорку мектеп ачылган. 12-к-дын 1-жарымынан Корё начарлай баштаган. 1170-ж. аскер төңкөрүшүнөн
кийин бийлик (1270-жылга чейин) аскер төрөлөрүнүн колуна өткөн. 1231–59-ж. Корёну моңголдордун Юань династиясы караткан. 1356-ж. ван Конмин моңголдорду өлкөдөн кууп чыккан, бирок алар узак убакыт Корёго таасир тийгизип турган. 1392-ж. кытайлардын колдоосуна ээ болгон аскер башчысы Ли Сон Ге жаңы Ли династиясын негиздеп, ал башкарган мамлекет
Чосон («Таңкы серүүн өлкө») деп аталган. Борбору Хансон ш-на (азыркы Сеул ш.) көчүрүлгөн. 15-к-дын 1-жарымында Улуу Сежон башкарган мезгилде мамлекет гүлдөп, корей фонет. алфавити чоным (окумуштуулар Чон Нин Джи ж-а Сон Сам Мун) түзүлүп, китеп чыгаруу өнүккөн. 16-к-дын башында чосон ак сөөктөрүнүн бийлик үчүн өз ара күрөшү курчуп, 1580-ж. өкмөткө каршы бир нече топ түзүлгөн. Имчжин согушу
(1592–98) да борб. бийликтин кризисин күчөткөн. Корей эли боштондук согушка көтөрүлүп, япон баскынчыларын талкалаган. 1627- ж-а
1636-жылдарда маньчжурлар К-га кол салып, 1637-ж. Цинь династиясынын вассалына айландырган. 18-к-дын 2-жарымында К-нын экон.
өнүгүшү токтогон. Жерлер ак сөөктөрдүн колуна өтүп, эзүү күчөгөн, дыйкандардын социалдык абалы начарлаган, 1811–12-ж. Пхёнан провинциясында, 1813-, 1815-, 1833-ж. Сеулда дыйкандардын көтөрүлүштөрү чыккан.
19-к-дын ортосунан К-га чет мамлекеттер кызыга баштаган. К. 1876-ж. Япония, 1882-ж. АКШ, 1883-ж. Улуу Британия ж-а Германия, 1884-ж. Италия ж-а Россия, 1886-ж. Франция м-н басмырлаган тең укуксуз келишимдерине кол койгон. Натыйжада эл массасынын чет элдиктерге ж-а өкмөткө каршы нааразылыгы күчөп, 1882-ж. 23-июлда Сеулда ири көтөрүлүш
чыккан. Кытайлар ушундай абалдан пайдаланып, өлкөнүн ички иштерине кийлигишип, өз бийлигин орноткон. Кытайлардын зомбулугуна нааразы болгон Ким Ок Кюн баштаган топ япондордун колдоосуна таянып, 1884-ж. декабрда мамл. төңкөрүш жасаган. Бирок эки күндөн кийин, бийликти кайра кытайлар тартып алган. 1885-ж. апрелде Кытай м-н Япония Тяньцзинь келишимине кол коюшуп, К. аймагынан япон ж-а кытай аскерлери чыгарылган. 1890- жылдары өлкөнүн экономикасында чет элдиктер, биринчи иретте япон соодагерлери ж-а ишкерлер маанилүү роль ойногон. Чет элдик соодагерлер корей базарын өздөрүнүн товарлары м-н толтуруп, өлкөдөн а. ч. азыктарын (күрүч, буурчак), о. эле алтын, күмүштөрдү ташып кетип турушкан. 1893–94-ж. чет элдик зомбулукка ж-а өкмөткө каршы дыйкандардын көтөрүлүшү чыккан. 1894-ж. июнда Корей өкмөтү көтөрүлүштү басыш үчүн Кытайдан жардам сураган. Япония Кытай бийлигин Тяньцзинь келишимин бузду деп күнөөлөп, 1894-ж. 25-июлда Асан аймагында кытай аскер кемелерине кол
салган. 1894–95-ж. Кытай-япон согушу Симоносеки келишимине (1895) кол коюу м-н аяктап, Кытай К-нын үстүнөн болгон сюзерендиктен баш тартып, Японияга Ляодун ж. а-н берген. Орус-япон согушунун (1904–05) убагында
Япония К-ны караткан.
1905-ж. 17-ноябрдагы протекторат ж-дөгү келишимге ылайык К. Японияга толук көз каранды болуп, башка мамлекеттер м-н өз алдынча алака жүргүзүү укугунан айрылган. Өкмөт япон генералдык резиденти – Ито Хиробуминин көзөмөлүнө өткөн. Протекторат режимине каршы корей элинин куралдуу күрөшү күчөгөн, бирок алардын негизги күчтөрү Япония бийлигинен талкаланган. 1910-ж. 22-августта К. императорунун тактан кетиши япон императорунун пайдасына чечилген. К. Япония империясынын курамына кирген. Өлкөдөгү мыйзам чыгаруу, аткаруу ж-а сот бийлиги, о. эле К. армиясы ж-а флоту генерал-губернатордун колуна
өткөн. 1911–18-ж. япон бийлиги а. ч. тармагында бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип, жер каттоо жүргүзгөн. Япония өкмөтү К-га аскердик-полициялык режим орноткон. Япон тили мамл. тилге айланып, саясий уюмдарга, ил., маданий ж-а спорт коомдоруна катышууга корейлерге тыюу салынган. Япония үстөмдүгүнө каршы К-да улуттук-боштондук кыймыл күчөп, ар кандай саясий уюмдар түзүлүп, партизандык отряддар калыптанган. Россиядагы Октябрь рев-ясынын (1917) таасири астында К-да Япония саясатына жооп катары Биринчи март элдик кыймылы кеңири жайылган. 1919-ж. 1- мартта Сеулда массалык демонстрациялар башталып, аларды япон полициясы күч м-н баскан. 1919-ж. апрелде Шанхайда жашаган корей эмигранттарынын Корей улуттук конгресси деп аталган чогулушунда Корей Респ. (Тэхан мингук) жарыяланып, саясатчы Ли Сын Ман жетектеген «өкмөт» түзүлгөн. 1920-жылдары К-да алгачкы жумушчу ж-а профсоюз уюмдары пайда болуп, 1925-ж. Корея КП-сы түзүлгөн. Маньчжурия ж-а Кытай аймактарында партизандык отряддар (лидерлери Ким Ир Сен ж. б.) уюшулуп (кийин бул отряд Кытай Кызыл армиясынын 32-корпусуна айланган), Кытайдын элдик-рев-ячыл күчтөрү м-н бирге япон баскынчыларына каршы күрөшүп, бир нече жолу жеңиштерге жеткен. Берлин (Потсдам) конф-ясында (1945) союздаш мамлекеттер Япониянын капитуляциясын ж-а Корей мамлекетинин эгемендигинин калыбына келтирилишин талап кылышкан. Сов. ж-а амер. аскерлердин биргелешкен күчтөрү Корей ж. а-н бошотууга киришкен. 1945-ж. августта CCCРдин Тынч океан флоту м-н 25-армиянын 2-Ыраакы Чыгыш фронтунун бириккен күчтөрү К. аймактарына кирген. АКШнын сунушу м-н Корей ж. а. 38-параллель б-ча түн. ж-а түш. зонага бөлүнгөн. Бирок К-нын түндүгүнө АКШ армиясы 1945-ж. 8-сентябрда согуш аракеттери токтогондо кире баштаган. 1945-ж. 8-октябрда Түн. К-нын 5 провинциясынын элдик к-ттеринин өкүлдөрү жолугуп, убактылуу башкаруу органы – 5 провинциянын адм.
бюросун түзгөн. 1945-ж. 10-октябрда Түн. К. өкүлдөрүнүн жыйынында Корея КПнин түн.-корей уюштуруу бюросу түзүлгөн. 1946-ж. августта КП Түндүктө Жаңы элдик партия (1946-ж. негизделген), түштүктө Элдик ж-а Жаңы элдик партия (1945-ж. негизделген) м-н биригип, Түн. К. Эмгек партиясы ж-а Түш. К. Эмгек партиясы болуп түзүлгөн. 1946-ж. февралда элдик бийликтин жогорку органы – Түн. К. Убактылуу
элдик к-ти түзүлгөн. 1945–48-ж. Түн. К-да жер
реформасы жүргүзүлүп, транспорт, ө. ж., байланыш, банк, тышкы соода ж. б. улутташтырылган. Түш. К-да амер. аскер администрациясы элдик к-ттердин ишмердигине ж-а реформалардын жүрүшүнө тоскоолдук кылып, консервативдик саясий күчтөр м-н кызматташкан. 1948-ж. 10-майда Түш. К-нын Улуттук чогулушуна шайлоо өткөрүлүп, 15-августта Корея Респ. жарыяланып (к. Корея), борбору Сеул ш. болгон. Амер. аскер администрациясы К-дагы өзүнүн ыйгарым укугун Ли Сын Манга тапшырган. 1948-ж. 9- сентябрда Түн. К-да Ким Ир Сен жетектеген Корей Элдик Демокр. Респ. (КЭДР) түзүлгөн. Конституция б-ча КЭДРдин борбору Сеул эсептелген, бирок иш жүзүндө Пхеньян ш. борбор болуп калган.
Адабияты
. К. ад-ты б. з. башындагы байыркы корей фольклорунан башталат. 19-к-га чейин расмий ханмун тилинде (кытай тилинин корейлешкен формасында) ж-а корей тилинде жаралган. Корей тилиндеги ад-ттын байыркы үлгүсү – чакан ырлар – хянга (7–11-к.). Бул мезгилдеги чыгармалардын көпчүлүгү сакталган эмес. Корей акындары ырларын кытай ыр түзүлүшүнүн эрежелерине ылайык жазышкан. Поэзияга Чхве Чхи Вон (9-к.) чоң салым кошкон. Корё мамлекети мезгилинде кытай тилиндеги проза ж-а поэзия биринчи планга чыккан. Ким Бу Сектин «Үч мамлекеттин тарыхый баяны» (1145) деген конфуцийчил хроникасы, пхэсоль жанрында Ли Ин Нонун, Ли Гю Бонун ж-а Ли Же Хёндун лирикалары маанилүү роль ойногон. Чосон мезгилинде улуттук мад-тка басым жасалып, поэзия м-н проза улуттук тилде өнүккөн. Поэзияда сижо (үч сап ырлар; Юн Сон До) ж-а каса (поэмалар Чон Чхол) жанрлары өнүккөн. 19-к-дын акыры – 20-к-дын башында кытай тилинен баш тарткан ж-а агартуучулук идеясын даңазалаган «жаңы адабият» пайда болгон. Корей тилиндеги проза поэзиядан кийин пайда болгон (Ман Жундун романдары, 17-к.). 20-жылдары ад-ттын мааниси тууралуу талаш-тартыш келип чыккан: агартуучу, прозачы Ли Гван Су ад-тты үгүт-насыят каражаты катары эсептесе, кыска аңгеменин чебери Ким Дон Ин ад-ты, «Таза искусство» деп түшүнгөн. Ад-тта ар кандай багыттар: модернизм (акын, жазуучу Ли Сандын чыгармалары) «жаңы багыт мектеби» (Чхве Со Ханин аңгемелери, Ли Сан Хванын ырлары) пайда болгон. Пролетар жазуучулардын Корея ассоциациясы (Ли Ги Ен, Чо Мен Хи, Сон Енди, акындар Пак Се Ен, Пак Пхар Ян, Лим Хва ж. б.) түзүлгөн. К-нын 1948- жылдан кийинки ад-тын Корея Респ-сынын ж-а Корей элдик Демокр. Респ-нын ад-тын кара.
Архитектура жана сүрөт искусствосу
Биздин заманга чейинки I кылымдагы көрүстөндөрдө (дольмендер, үкөк формасындагы мүрзөлөр жана башкалар) металл шаймандар жана кооз чопо идиштер калган. Когурьё мамлекетинин башкаруучулары менен ак сөөктөрдүн IV–VII кылымдардагы көрүстөндөрү көпчүлүгү байыркы борбор Куннэсондун жана V кылымдан кийин борбор болгон Пхеньяндын айланасында жайгашкан. Көрүстөндөр эки типке бөлүнөт: тепкич түрүндөгү таш пирамидалар жана имаратты көөмп турган коргон дөбөлөр.

Алардын дубалдары менен шыптары сүрөттөр менен кооздолгон. Кореянын VIII кылымда Силла мамлекетине биригиши анын маданиятын жаңы бийиктикке көтөргөн. Шаарлар курула баштаган. IV–VI кылымдарда Кореяда буддизмдин таралышы менен храм ансамблдери пайда болгон: VIII кылымда Кёнжуда Соккурам үңкүр храмы, Пульгукс комплекси (XIV кылымда кайра курулган), Таботхап
менен Соккатхап пагодалары менен курулган. VII–X кылымдардагы Корея айкелчилигинде Индия менен Кытайдын будда оюу-чийүүлөрү образдардын жандуулугу менен формалардын ийкемдүүлүгүн айкалыштырган

(Будданын статуясы жана Кваным ботхисатванын горельефи – Соккурам храмы, VIII кылым).
Кёнжудагы көрүстөндөрдүн жанынан табылган жоокерлердин, айбанаттардын жана башакалардын таш эстеликтери сомдолгон монументтүүлүгү менен айырмаланат. Бул мезгилдеги жасалга-колдонмо өнөрүнө таш жана металл иштетүү, жибек токуучулук, лак буюмдарын чыгаруу, бамбук буласы менен чөптү эшүү жана башкалар мүнөздүү, Корё мамлекетинин доорунда (918–1392) пагодалардын формасы татаалдап, ярустарынын саны көбөйгөн (Кёнгидо провинциясындагы Хёнхвас храмынын 7 ярустуу пагодасы, XI кылым), салттык 4 кырдуу пагодалар менен катар 6–8 кырлуу курулуштар (Канвондо провинциясындагы Вильжонс монастырынын 9 ярустуу октагондук пагодасы, XI–XII кылымдар) салынган. Стилдик жактан да көп түрдүү болгон.

Бул доордун архитектурасы жасалгага бай. Монумент айкели мыкты өнүгүп, тушь жана суу боёк живописи кеңири тараган. Таштан жана фарфордон, карападан идиш жасоо
өөрчүгөн. Сүрөт искусствосун өнүктүрүү XIV кылымда сарайда уюштурулган Тохвасо мекемеси олуттуу роль ойноп, живопись академиясынын кызматын аткарган. Чосон мамлекети мезгилинде көркөм мад-тка неоконфуцийчилик зор таасир тийгизген. Буддисттик храмдар алыскы тоолуу райондордо курулган. Сакталып калган храмдардын көбү Чосон мезгилинин экинчи жарымында тургузулган.

Падыша сарайларын курууда бай жасалга менен зор салтанаттуулук айкалыштырылып (Кёнбоккун ак сарай комплекси,1395, 1592-жылы өрттөлүп, XIX кылымдын 2-жарымында калыбына келтирилген; Чхандоккун комплекси, 1405–1412, 1592-жылы бузулган, 1607–1610-жылдары калыбына келтирилген), ландшафт композициялуу бак-парктарды түзүүгө көп көңүл бөлүнгөн (Чхандоккун комплексиндеги Сырдуу бак).
Чосон мезгилиндеги Корея живописинин тарыхын 3 мезгилге – эрте (1392–1550), ортонку (1550– 1700) жана соңку (экиге бөлүнөт), 1700–1850, 1850–1910) чосон мезгилдерине бөлүп карашат.
Эрте мезгилде Го Си, Ми Фу жана уулу Ми Южен, Ан Гён, Кан Хи Ан ж. б. белгилүү болсо, ортонку мезгилдин ири чеберлери

Ли Жин, Ким Мёнчук жана башкалар болгон. «Гүл-чымчык» (хваджохва) жанрында көп сүрөтчүлөр ийгиликтүү иштешкен. XVIII кылымда өнүккөн пейзаж живописи – чингён сансухва багытында (чыныгы көрүнүштөгү пейзаж) Чон Сен, Ким Ын Хван, Ким Хон До жана башкалар иштеген. Соңку мезгилдин аягында Ким Чон Хи, Хо Рён, Тен Сын Обо заманбап живопистин пайда болушуна негиз түзүшкөн.
Жасалга-колдонмо өнөрүндө мурункудай эле карапанын ролу зор болгон. Негизи бардык эле сүрөтчүлөр «гүл-чымчык» жанрында иштешкен. XIX кылымдын аягында май боёк живописи техникасы менен иштеген алгачкы сүрөтчү Токиодогу көркөм искусство окуу жайын бүтүргөн Ко Хи Дон болгон. XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында Корея искусствосуна Батыштын көркөм салттары кире баштап, европ. стилдеги имараттар курулган.
Музыкасы
Корея улуттук музыкасы IV кылымдан калыптана баштаган. Көп аспаптарды (комунго жана башкалар) жасаган Ван Санака (VI кылым), ырчы жана 200дөй композициянын автору, каягым аспабын кураган Урыктын (VI кылымдын аягы) чыгармачылыгы ал кез үчүн маанилүү болгон. XIV–XVI кылымдарда борбордо чоң оркестр, хор оюн көрсөтүп, көрүнүктүү музыканттар иштеген. Корея музыкасынын өнүгүшүнө Пак Ен (XV кылым) көп салым кошкон. Ал туңгуч музыкалык окуу жайын негиздеп, байыркы аспаптарды классификациялап, өзү да элдик музыканын чебер аткаруучусу болгон. 1432-жылы нота жазуунун өзүнчө системасы түзүлгөндүктөн, эски обондор сакталган. Согуштун кесепетинен XVI кылымдын 2-жарымынан музыка өрүш албай, негизинен элдик ырлар гана өнүккөн. XIX кылымда пхансоринин обону боюнча үн таануу системасы иштелип чыгып, анын негизинде элдик музыка драма (чхангык) өсүп, кийин улуттук операга айланган. XX кылымда европалык музыка кире баштаган, бирок 1910-жылы башталган жапон колониячылыгы 1945-жылга чейин музыкалык маданияттын өсүшүнө кедерги болгон. 1920-жылы батыштын белгилүү музыкасынын таасиринде понсонхва жанры пайда болгон. 1945-жылы Пхеньянда биринчи Корея симфониялык оркестри түзүлгөн.
Театры
Орто кылымда театрдын калыптанышына элдик ырчылар менен жомокчулардын өнөрү түрткү берген. XV кылымда бий жана драмалык элементтер айкалышкан сандэгык театр жанры негизгилерден болгон. Комыгык театры X кылымдагы буддалык мистериянын элементтерин киргизген. XVII кылымда европалык ярмарка театрларын жакындашкан кыдырма труппалар кеңири белгилүү болгон. Алар музыкалык оркестр менен парадды баштап чыгышкан. Хвагык сүйлөшүү театры музыканы жана бийди пайдаланган. XIX кылымда Кореянын профессионал театры калыптана баштаган. Байыркы пхансори – жомокчулар искусствосунун негизинде чхангык музыкалык театры пайда болгон. 1908-жылы Сеулда «Вонгакса» театры уюшулгандан Корея театрынын тарыхы башталат. Анын түзүүчүсү Ли Ин Жик байыркы улуттук салт менен европалык бийдин техникасын бириктирүүгө аракеттенген. Батыш театрын жайылтуучу жана актёрдук билим алууну киргизген Хён Чол Япониядан окугандан кийин 1920-жылы Сеулда театр мектебин, кийинчерээк актёрдук окуу жайын түзүп, анда европалык жана кореялык пьесаларды койгон. 1923-жылы Жапониядан билим алган корейлер тобу Пак Сун Хинин жетекчилигинде Сеулда «Тоулхе» театрын уюштурган (1932-жылга чейин иштеген). Жапониядан билим алган режиссёр Хон Хе Сон 1931-жылы Сеулда «Спектаклди изилдөө» аттуу театрын ачкан. Кореяны балет өнөрү менен алгач 1926-жылдан Кореяда иштеген жапон бийчиси, Сэ Ён Хан тааныштырган. Хореография өнөрүнүн андан аркы өнүгүшү Цой Сын Хинин ысымына байланыштуу Ал 1926-жылы Сеулда корей элдик жана батыш классикалык мектебин ачкан. Профессионал куурчак театры 1945-жылы ачылган.
Киносу
. Биринчи кино 1903-жылы көрсөтүлгөн. Ошол эле жылы Сеулда чет мамлекеттик кинолорду көрсөтүүчү кинотеатр ачылган. Улуттук кинематографияда биринчи тасма «Сүйүшкөндөрдүн ай астындагы анты» болгон (1923, режиссёру Юн Пэк Нам. Кино өнөрүнүн телчигиши жапон баскынчыларынын көзөмөлүндө жүргөн. 1920-жылдардын башында тартылган «Чхунхян жөнүндө баян» тасмасы маанилүү окуя катары таанылган. Үнсүз кинонун ири чебери актёр жана режиссёру Ун Гю («Ариран», 1926) болгон. Биринчи үндүү тасма – «Чхунхян жөнүндө баяндын» жаңы версиясы (1935, режиссёру Ли Мён Ву). 1930-жылдардын аягында тыкыр көзөмөл кинону кризиске учуратып, көптөгөн кино ишмерлери ишин токтоткон же эмиграцияга кеткен. 1942-жылы корей тилинде кино тартууга тыюу салынган.
Ад.: Корейское классическое искусство. М., 1972;
История Кореи. С древнейших времён до наших дней. Т. 1–2. М., 1974; История Кореи: (Новое прочтение).
М., 2003; Троцевич А. Ф. История корейской традиционной литературы (до ХХ в.) СПб., 2004; Денисов В. И. Политические системы государств Корейского
полуострова (РК и КНДР) // Политические системы и политические культуры Востока. 2-е изд. М., 2007.