КОЧКОР ЧОПО КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОЧКОР ЧОПО КЕНИ Нарын обл-нун Кочкор р-нунда, Көк-Жар кыш-нан 4 км түш.-батыш тарапта, деңиз деңг. 1840 м бийикте жайгаш­кан. 1955-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Кен Үкөк суусун бойлой жайгашып, антропогенде­ги аллювий чөгүндүсүнөн пайда болгон кумай­луу чоподон турат. Арасында линза сымал кум­шагыл кездешет. Кумайлуу чопо катмарынын калыңдыгы 4,5–4,9 м. Гранулометрлик курамы: 0,001 мм – 7,4%, 0,001–0,005 мм – 26,78%, 0,005–0,001 мм – 18,96%, 0,01–0,05 мм – 34,6%, 0,05–0,25 мм – 7,31%, 0,25–1,0 мм – 1,28%, 1 ммден кесеги – 1%ке чейин. Ийилгичтиги 8,7– 15,4%. Ным сиңиримдүүлүгү 16,6–1,78%. «100» маркасындагы кыш ж-а черепица алууга болот. Запасы А категориясы б-ча 358 миң м3. 1996- жылга карата запасы А категориясы б-ча 277 миң м3.