КОЧКОР ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЧКОР ӨРӨӨНҮ Ички Теңир-Тоонун түндүгүндө. Түндүгүнөн Кыргыз Ала-Тоосу, батышынан Кызарт ж-а Жумгал тоолору, түштүгүнөн Карагатты, Баба-Ата, Үкөк тоолору, чыгышынан Кара-Коо тоосу м-н чектелет. Түн.-чыгышында Орто-Токой суу сактагычы бар. Кочкор р-нунун аймагында. Өрөөндүн уз. 80 км, туурасы 20 кмче. Кеңдик б-ча жайгашып, трапеция формасында. Таманынын деңиз деңг. бийикт. 1800–2500 м. Рельефи морфол. өзгөчөлүгү б-ча аккумуляциялык түздүккө, өрөөн ичиндеги, тоо этегиндеги адырларга ж-а тоолорго бөлүнөт. Айланасындагы тоолор өрөөндөн салыштырмалуу 1500–2500 м бийикте жатат. К. ө. негизинен палеоген-неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилдердин чөкмө тектеринен түзүлгөн. Палеозойдун чулу тоо тектери Ортоктун тоосунда ж-а өрөөнгө кирип турган тоолордун тармагында чыгып жа-

тат. Өрөөн – тектон. түзүлүшү б-ча асимметриялуу грабен-мегасинклиналь. Кен байлыктарынан таш туз ж-а курулуш материалдары маанилүү. Климаты континенттик, кургакчыл, июлдун орт. темп-расы 16,3°С, январдыкы –10°С.
Батыштан соккон «кызарт» шамалы жыл бою
үстөмдүк кылат. Жылдык жаан-чачыны 200–
300 мм. Кочкор суусунун бою саздуу. Өрөөндүн таманы ачык күңүрт ж-а коңур, ал эми тоо капталдарында көбүнчө куба коңур топурактуу.
Өрөөндө шалбаалуу саздак (өлөң чөп, камыш, кыйгак), жарым чөл ж-а кургак талаа, тоолордо талаа (кара кыяк, бетеге, тарак башы, шыбак), субальп, альп доңуз сырттуу шалбаа (айгыр жыгар, сары байчечекей, шимүүр ж. б.)
өсүмдүктөрү, суу бойлорунда чычырканак, тал
өсөт. Чыгышы кургакчыл, жарым чөлдүү (Семиз-Бел, Кара-Ой, Арсы ж. б.), борб. бөлүгү кургак талаа ж-а саздуу түздүк, түндүгү жантайыңкы шиленди-түздүктүү кургак талаа (Коңорчок, Кыргоо ж. б.), түш. жагы адырлуу талаа (Туз, Айгыр-Жал, Ара-Көл), түш.-батыш бөлүгү бетеге талаалуу өрөөн (Узун-Булак) ж-а түн.-батышы тоо шалбаалуу-талаалуу өрөөн (Ийри-Суу). Орток м-н Кыргыз Ала-Тоонун аралыгында мореналуу Сарала-Саз-Акбез шалбаалуу талаасы, өсүмдүктүү өтө жантайыңкы шиленди түздүк орун алган. Өрөөндүн таманы дыйканчылыкка, тоолуу бөлүгү жайыт, өзгөчө кышкы жайыт катары пайдаланылат. Табигый өзгөчөлүгү мал чарбасын өнүктүрүүгө ыңгайлуу.
Өрөөндө Ак-Учук, Чолпон, Кең-Суу, Арсы, Кум- Дөбө, Шамшы, Кара-Саз, Теңдик ж. б. кыш.
ж-а райондун борбору – Кочкор кыш. бар. К. ө.
аркылуу Бишкек – Торугарт, Балыкчы – Миңкуш автомобиль жолдору өтөт.
Ад.: Исаченко А. Г. Ландшафтоведение и физикогеографическое районирование. М., 1990; Кыргыз жергеси. Ф., 1990; Подрезов О. А. Горная метеорология и климатология. Б., 2000.
Д. Шакирбеков, Т. Кулматов.