КОТВИЧ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КО́ТВИЧ Владислав Людвигович (20. 3. 1872, Вилен губерниясы, Оссово кыш. – 3. 10. 1944, Вильжос) – тилчи, орус ж-а поляк чыгыш таа­нуучусу, СССР ИАнын корр. мүчөсү (1923), Польша ИАнын анык мүчөсү (1925), Польша чыгыш таануучулар коомунун төрагасы. Санкт- Петербург ун-тинин Чыгыш тилдер ф-тин бүтүр­гөн (1895). Ошол эле ун-тте моңгол, калмак ж-а манжур тилдери б-ча окутуучу бир эле убакта Россия империясынын финансы министрлигин­де кызмат өтөгөн (1903-23). 1920-ж. А. С. Ену­кидзе атн. чыгыш тилдери ин-тун уюштуруучу­су, биринчи ректору (1920–22), 1923-ж. Польша­дагы, Львов ун-тинин Ы. Чыгыш филологиясы кафедрасынын проф. болгон 1923-ж. Ал кал­мак тилинин диалектилерин ж-а говорлорун изилдеген. 1931-жылдан алтай тилдерин салыш­тырма-тарыхый жактан изилдөөнүн жалпы ма­селелерине көңүл бурган. Анын «Алтай тилде­ри боюнча изилдөөлөр» деген китеби 1936-ж. Краковдо, орусча котормосу (1962) Москвада ба­сылып чыккан. Алтай тилдеринин ичиндеги өз­ара жакындык, типол. окшоштуктар сырткы тарыхый байланыштардын натыйжасында пай­да болгон деген пикирди айткан.