КОСМОСТУК ЧЕЛНОК: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОСМОСТУК ЧЕЛНО́К – Жер орбитасына адамдарды ж-а жүктөрдү ташуу үчүн колдонулуучу космос кемеси. АКШнын «Спейс шаттл» К. ч-у 1981-ж. учурула баштаган, ал эми сов. «Буран» К. ч-у орбитага «Энергия» деп аталган ракета алып жүрүүчүнүн жардамы м-н 1988-ж. автоматтык түрдө өзүнүн жалгыз учуусун аткарган. О. эле Европ. космос агентчилигинин «Гермес» К. ч-у иштелип чыккан. «Спейс шаттл» К. ч-унун транспорттук системасы негизинен үч ракеталык кыймылдаткычтан, эки катуу отундуу ракеталык ылдамдаткычтан турат ж-а алар учкандан эки мүнөт өткөндөн кийин ажырап жерге түшөт. К. ч. 30 тга чейинки жүктү алып жүрө алат. Кайра атм-га киргенде планер сыяктуу учуп, конуу жолуна конот. 1986-ж. январдан 1988-ж. сентябрга чейин АКШ «Челленджер» К. ч-унун жарылуусунан кийин «Спейс шаттл» програмасын иштетүүнү токтоткон. 1989-ж. учуулар калыбына келтирилген.