КОРЯК КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОРЯ́К КЫРКА ТООСУ , К о р я к т а й п а к т о о с у Сибирдин түн.-чыгышында. Беринг деңизиндеги Анадырь булуңунан Камчаткадагы Параполь ойдуңуна чейин 800 кмге созулуп жатат. Орт. бийиктеги чолок кырка тоолордон (Пенжина, Рарыткин), жалчалардан ж-а токол тоолордон турат (орт. бийикт. 1000–1800 м, эң бийик жери 2562 м, Муздуу чоку). Капталдарында 200–400 м бийикке чейин ольха бадалдары ж-а жапалак кедр, андан жогору чөп-эңилчектүү ж-а таштуу тоо тундра өсүмдүктөрү өсөт. Түн. капталдарында мөңгүлөр бар (жалпы аянты 205 км2). Таш көмүр, алтын, күмүш, сымап ж-а сурьма кендери бар.