КОРРОЗИЯГА ЧЫДАМДУУ МАТЕРИАЛДАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОРРОЗИЯГА ЧЫДАМДУУ МАТЕРИАЛДАР – чөйрөнүн таасирине туруктуу материалдар. Алар кислота, щелочь ж-а бузгуч газ ж. б. м-н иштөөчү аппараттарды, түтүктөрдү, курулуш жабдыктарын ж. б. жасоо үчүн керектелет. К. ч. м. бир чөйрөдө тез бузулса, экинчи чөйрөдө коррозияга туруктуу келет. Алар табиятына жараша металл ж-а металл эмес болуп бөлүнөт. Металл материалдар өз алдынча констр. же атайын жабуучу материалдар түрүндө колдонулат. Мис., темирдин хром м-н куймасы (дат баспоочу болот), титан, цирконий, молибден куймалары газ чөйрөдө жогорку темп-рада да кычкылданбайт. Асыл металлдар (платина, алтын) газдарда ж-а көпчүлүк суюктуктарда өзгөрбөйт. Болоттун коррозияга туруктуулугун жогорулатууда ага 40%ке чейин никель же 1,5% жез кошулат. Металл эмес К. ч. м. каптоочу, лактап өңдөөчү ж-а көркөмдөөчү материал катары колдонулат. Алар орг. ж-а орг. эмес болуп бөлүнөт. Орг. эместерге графит, алюмосиликаттар, таза кремнезём ж. б. кирет. Кварц айнеги көпчүлүк чөйрөгө туруктуу болгондуктан, хим. идиштерди жасоодо кеңири колдонулат. Орг. К. ч. м. – фторопласт, полиэтилен, полистирол ж. б. Материалдардын коррозияга туруктуулугун жогорулатууда легирлөө (башка элементтерди кошуу), цинк, алюминий, никель, хром, эмаль, орг. заттар (боёк) м-н каптоо, коррозияны жайлантуучу ингибиторлор колдонулат, к. Металлдардын корр о зияс ы .