КОРОМЖУЛУК: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОРОМЖУЛУК – тереңдиктен кен казып алып жатканда, казууга мүмкүн болбогон баланстык запастын бир бөлүгү. Өз ичинен жалпы шахталык (жалпы рудниктик, жалпы карьердик, жалпы кен издөөчүлүк) ж-а эксплуатациялык К-ка бөлүнөт. Ж а л п ы ш а х т а л ы к к а целиктер, капиталдык казмалардын айланасы, скважиналар, шахта талаасынын ортосундагы барьердик целиктер, тех. ж-а чарбалык курулуштардын, коммуникациялардын, суу сактагычтардын, коруктардын асты, суулуу ойдуңдар кирет. Э к с п л у а т а ц и я л ы к К. массив ичиндеги (казылган аянттардагы, кен кабатынын таманы м-н жабуусундагы целиктер, кендин ичкерип, жукарып кеткен бөлүгү, өрт чыккан, суу каптаган, ураган жерлер, тектон. жаракалар) ж-а массивден тышкары (жанаша жаткан тектер м-н бирге казылган аралашмалар, урап түшкөн, кулаган, суу кирген, кенди жүктөп түшүргөн, жыйган, сорттогон кездеги жоготуулар, транспорттук К.) түрлөрдөн турат. К. салмагы ж-а проценттик саны б-ча аныкталат. Жалпы шахталык К. жалпы баланстык запаска, эксплуатациялык К. К-тун баланстык запаска болгон катышы б-ча эсептелет. Көп компоненттүү кенташтарда ө. ж-лык мааниси бар элементтердин ар бири өз алдынча эсепке алынат. К. атайын өлчөөлөр же маркшейдерлик план б-ча эсептелет.