КОРЕЯ 1: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОРЕ́Я (корейче Чосон) – Чыгыш Азиядагы 1948-ж. чейин өкүм сүргөн. мамлекет. Корея ж. а-нда, ага туташ материк бөлүгүндө жакынкы аралдарда жайгашкан.
Тарыхы
. Пхеньян ш-на жакын аймактардан табылган Комынмору, Кымпхари тургун жайлары, Тэхёндон үңкүрү ж. б. Корея ж. а-нда палеолит доорунда эле адам жашагандыгын далилдейт. Б. з. ч. 1-к-да К. аймагында уруу союздары түзүлүп, анын негизинде феод. мамлекеттер – Когурё, Пэкче ж-а Силла (б. з. 1–7-к.)
пайда болгон. 6-к-дын ортосунда Корей ж. а-на
үстөмдүк кылуу үчүн бул мамлекеттердин ортосунда күрөш башталган. Силланын башкаруучулары Кытайдын Тан империясы м-н келишим түзүп, 660-ж. Пэкчени, 668-ж. Когурёни караткан. Бириккен Силла Кытай м-н саясий, экон. ж-а маданий жактан тыгыз байланышта болуп, башкаруу ж-а жер иштетүү системасы кытай
үлгүсүндө уюшулган. 8–9-к-да конфуцийлик
билим берүү системасы ишке ашып, корей элдик тили ж-а мад-ты калыптана баштаган. 9–
10-к-да Бириккен Силла мамлекетинде бытырандылык башталып, анын аймагында Тхэбон (901), Корё, Хупэкче (900) ж. б. мамлекеттер негизделген. 936-ж. Корё башкаруучусу Ван Гон
өлкөнү кайрадан бириктирген. 993, 1010–11,
1018–19-ж. Корёго жасаган кидандардын тынымсыз жортуулдарынын мизи майтарылган.
Өлкөдө кол өнөрчүлүк, соода өнүгүп, монета
чыгарылган. 992-ж. конфуцийлик жогорку мектеп ачылган. 12-к-дын 1-жарымынан Корё начарлай баштаган. 1170-ж. аскер төңкөрүшүнөн
кийин бийлик (1270-жылга чейин) аскер төрөлөрүнүн колуна өткөн. 1231–59-ж. Корёну моңголдордун Юань династиясы караткан. 1356-ж. ван Конмин моңголдорду өлкөдөн кууп чыккан, бирок алар узак убакыт Корёго таасир тийгизип турган. 1392-ж. кытайлардын колдоосуна ээ болгон аскер башчысы Ли Сон Ге жаңы Ли династиясын негиздеп, ал башкарган мамлекет
Чосон («Таңкы серүүн өлкө») деп аталган. Борбору Хансон ш-на (азыркы Сеул ш.) көчүрүлгөн. 15-к-дын 1-жарымында Улуу Сежон башкарган мезгилде мамлекет гүлдөп, корей фонет. алфавити чоным (окумуштуулар Чон Нин Джи ж-а Сон Сам Мун) түзүлүп, китеп чыгаруу өнүккөн. 16-к-дын башында чосон ак сөөктөрүнүн бийлик үчүн өз ара күрөшү курчуп, 1580-ж. өкмөткө каршы бир нече топ түзүлгөн. Имчжин согушу
(1592–98) да борб. бийликтин кризисин күчөткөн. Корей эли боштондук согушка көтөрүлүп, япон баскынчыларын талкалаган. 1627- ж-а
1636-жылдарда маньчжурлар К-га кол салып, 1637-ж. Цинь династиясынын вассалына айландырган. 18-к-дын 2-жарымында К-нын экон.
өнүгүшү токтогон. Жерлер ак сөөктөрдүн колуна өтүп, эзүү күчөгөн, дыйкандардын социалдык абалы начарлаган, 1811–12-ж. Пхёнан провинциясында, 1813-, 1815-, 1833-ж. Сеулда дыйкандардын көтөрүлүштөрү чыккан.
19-к-дын ортосунан К-га чет мамлекеттер кызыга баштаган. К. 1876-ж. Япония, 1882-ж. АКШ, 1883-ж. Улуу Британия ж-а Германия, 1884-ж. Италия ж-а Россия, 1886-ж. Франция м-н басмырлаган тең укуксуз келишимдерине кол койгон. Натыйжада эл массасынын чет элдиктерге ж-а өкмөткө каршы нааразылыгы күчөп, 1882-ж. 23-июлда Сеулда ири көтөрүлүш
чыккан. Кытайлар ушундай абалдан пайдаланып, өлкөнүн ички иштерине кийлигишип, өз бийлигин орноткон. Кытайлардын зомбулугуна нааразы болгон Ким Ок Кюн баштаган топ япондордун колдоосуна таянып, 1884-ж. декабрда мамл. төңкөрүш жасаган. Бирок эки күндөн кийин, бийликти кайра кытайлар тартып алган. 1885-ж. апрелде Кытай м-н Япония Тяньцзинь келишимине кол коюшуп, К. аймагынан япон ж-а кытай аскерлери чыгарылган. 1890- жылдары өлкөнүн экономикасында чет элдиктер, биринчи иретте япон соодагерлери ж-а ишкерлер маанилүү роль ойногон. Чет элдик соодагерлер корей базарын өздөрүнүн товарлары м-н толтуруп, өлкөдөн а. ч. азыктарын (күрүч, буурчак), о. эле алтын, күмүштөрдү ташып кетип турушкан. 1893–94-ж. чет элдик зомбулукка ж-а өкмөткө каршы дыйкандардын көтөрүлүшү чыккан. 1894-ж. июнда Корей өкмөтү көтөрүлүштү басыш үчүн Кытайдан жардам сураган. Япония Кытай бийлигин Тяньцзинь келишимин бузду деп күнөөлөп, 1894-ж. 25-июлда Асан аймагында кытай аскер кемелерине кол
салган. 1894–95-ж. Кытай-япон согушу Симоносеки келишимине (1895) кол коюу м-н аяктап, Кытай К-нын үстүнөн болгон сюзерендиктен баш тартып, Японияга Ляодун ж. а-н берген. Орус-япон согушунун (1904–05) убагында
Япония К-ны караткан.
1905-ж. 17-ноябрдагы протекторат ж-дөгү келишимге ылайык К. Японияга толук көз каранды болуп, башка мамлекеттер м-н өз алдынча алака жүргүзүү укугунан айрылган. Өкмөт япон генералдык резиденти – Ито Хиробуминин көзөмөлүнө өткөн. Протекторат режимине каршы корей элинин куралдуу күрөшү күчөгөн, бирок алардын негизги күчтөрү Япония бийлигинен талкаланган. 1910-ж. 22-августта К. императорунун тактан кетиши япон императорунун пайдасына чечилген. К. Япония империясынын курамына кирген. Өлкөдөгү мыйзам чыгаруу, аткаруу ж-а сот бийлиги, о. эле К. армиясы ж-а флоту генерал-губернатордун колуна
өткөн. 1911–18-ж. япон бийлиги а. ч. тармагында бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип, жер каттоо жүргүзгөн. Япония өкмөтү К-га аскердик-полициялык режим орноткон. Япон тили мамл. тилге айланып, саясий уюмдарга, ил., маданий ж-а спорт коомдоруна катышууга корейлерге тыюу салынган. Япония үстөмдүгүнө каршы К-да улуттук-боштондук кыймыл күчөп, ар кандай саясий уюмдар түзүлүп, партизандык отряддар калыптанган. Россиядагы Октябрь рев-ясынын (1917) таасири астында К-да Япония саясатына жооп катары Биринчи март элдик кыймылы кеңири жайылган. 1919-ж. 1- мартта Сеулда массалык демонстрациялар башталып, аларды япон полициясы күч м-н баскан. 1919-ж. апрелде Шанхайда жашаган корей эмигранттарынын Корей улуттук конгресси деп аталган чогулушунда Корей Респ. (Тэхан мингук) жарыяланып, саясатчы Ли Сын Ман жетектеген «өкмөт» түзүлгөн. 1920-жылдары К-да алгачкы жумушчу ж-а профсоюз уюмдары пайда болуп, 1925-ж. Корея КП-сы түзүлгөн. Маньчжурия ж-а Кытай аймактарында партизандык отряддар (лидерлери Ким Ир Сен ж. б.) уюшулуп (кийин бул отряд Кытай Кызыл армиясынын 32-корпусуна айланган), Кытайдын элдик-рев-ячыл күчтөрү м-н бирге япон баскынчыларына каршы күрөшүп, бир нече жолу жеңиштерге жеткен. Берлин (Потсдам) конф-ясында (1945) союздаш мамлекеттер Япониянын капитуляциясын ж-а Корей мамлекетинин эгемендигинин калыбына келтирилишин талап кылышкан. Сов. ж-а амер. аскерлердин биргелешкен күчтөрү Корей ж. а-н бошотууга киришкен. 1945-ж. августта CCCРдин Тынч океан флоту м-н 25-армиянын 2-Ыраакы Чыгыш фронтунун бириккен күчтөрү К. аймактарына кирген. АКШнын сунушу м-н Корей ж. а. 38-параллель б-ча түн. ж-а түш. зонага бөлүнгөн. Бирок К-нын түндүгүнө АКШ армиясы 1945-ж. 8-сентябрда согуш аракеттери токтогондо кире баштаган. 1945-ж. 8-октябрда Түн. К-нын 5 провинциясынын элдик к-ттеринин өкүлдөрү жолугуп, убактылуу башкаруу органы – 5 провинциянын адм.
бюросун түзгөн. 1945-ж. 10-октябрда Түн. К. өкүлдөрүнүн жыйынында Корея КПнин түн.-корей уюштуруу бюросу түзүлгөн. 1946-ж. августта КП Түндүктө Жаңы элдик партия (1946-ж. негизделген), түштүктө Элдик ж-а Жаңы элдик партия (1945-ж. негизделген) м-н биригип, Түн. К. Эмгек партиясы ж-а Түш. К. Эмгек партиясы болуп түзүлгөн. 1946-ж. февралда элдик бийликтин жогорку органы – Түн. К. Убактылуу
элдик к-ти түзүлгөн. 1945–48-ж. Түн. К-да жер
реформасы жүргүзүлүп, транспорт, ө. ж., байланыш, банк, тышкы соода ж. б. улутташтырылган. Түш. К-да амер. аскер администрациясы элдик к-ттердин ишмердигине ж-а реформалардын жүрүшүнө тоскоолдук кылып, консервативдик саясий күчтөр м-н кызматташкан. 1948-ж. 10-майда Түш. К-нын Улуттук чогулушуна шайлоо өткөрүлүп, 15-августта Корея Респ. жарыяланып (к. Корея), борбору Сеул ш. болгон. Амер. аскер администрациясы К-дагы өзүнүн ыйгарым укугун Ли Сын Манга тапшырган. 1948-ж. 9- сентябрда Түн. К-да Ким Ир Сен жетектеген Корей Элдик Демокр. Респ. (КЭДР) түзүлгөн. Конституция б-ча КЭДРдин борбору Сеул эсептелген, бирок иш жүзүндө Пхеньян ш. борбор болуп калган.
Адабияты
. К. ад-ты б. з. башындагы байыркы корей фольклорунан башталат. 19-к-га чейин расмий ханмун тилинде (кытай тилинин корейлешкен формасында) ж-а корей тилинде жаралган. Корей тилиндеги ад-ттын байыркы үлгүсү – чакан ырлар – хянга (7–11-к.). Бул мезгилдеги чыгармалардын көпчүлүгү сакталган эмес. Корей акындары ырларын кытай ыр түзүлүшүнүн эрежелерине ылайык жазышкан. Поэзияга Чхве Чхи Вон (9-к.) чоң салым кошкон. Корё мамлекети мезгилинде кытай тилиндеги проза ж-а поэзия биринчи планга чыккан. Ким Бу Сектин «Үч мамлекеттин тарыхый баяны» (1145) деген конфуцийчил хроникасы, пхэсоль жанрында Ли Ин Нонун, Ли Гю Бонун ж-а Ли Же Хёндун лирикалары маанилүү роль ойногон. Чосон мезгилинде улуттук мад-тка басым жасалып, поэзия м-н проза улуттук тилде өнүккөн. Поэзияда сижо (үч сап ырлар; Юн Сон До) ж-а каса (поэмалар Чон Чхол) жанрлары өнүккөн. 19-к-дын акыры – 20-к-дын башында кытай тилинен баш тарткан ж-а агартуучулук идеясын даңазалаган «жаңы адабият» пайда болгон. Корей тилиндеги проза поэзиядан кийин пайда болгон (Ман Жундун романдары, 17-к.). 20-жылдары ад-ттын мааниси тууралуу талаш-тартыш келип чыккан: агартуучу, прозачы Ли Гван Су ад-тты үгүт-насыят каражаты катары эсептесе, кыска аңгеменин чебери Ким Дон Ин ад-ты, «Таза искусство» деп түшүнгөн. Ад-тта ар кандай багыттар: модернизм (акын, жазуучу Ли Сандын чыгармалары) «жаңы багыт мектеби» (Чхве Со Ханин аңгемелери, Ли Сан Хванын ырлары) пайда болгон. Пролетар жазуучулардын Корея ассоциациясы (Ли Ги Ен, Чо Мен Хи, Сон Енди, акындар Пак Се Ен, Пак Пхар Ян, Лим Хва ж. б.) түзүлгөн. К-нын 1948- жылдан кийинки ад-тын Корея Респ-сынын ж-а Корей элдик Демокр. Респ-нын ад-тын кара.
Архитектура ж-а сүрөт иск-восу
. Б. з. ч. 1- к-дагы көрүстөндөрдө (дольмендер, үкөк формасындагы мүрзөлөр ж. б.) металл шаймандар ж-а кооз чопо идиштер калган. Когурьё мамлекетинин башкаруучулары м-н ак сөөктөрдүн 4– 7-к-дагы көрүстөндөрү көпчүлүгү байыркы борбор Куннэсондун ж-а 5-к-дан кийин борбор болгон Пхеньяндын айланасында жайгашкан. Көрүстөндөр эки типке бөлүнөт: тепкич түрүн-

дөгү таш пирамидалар ж-а имаратты көөмп турган коргон дөбөлөр. Алардын дубалдары м-н шыптары сүрөттөр м-н кооздолгон. К-нын 8- к-да Силла мамлекетине биригиши анын мадтын жаңы бийиктикке көтөргөн. Шаарлар курула баштаган. 4–6-к-да К-да буддизмдин таралышы м-н храм ансамблдери пайда болгон: 8- к-да Кёнжуда Соккурам үңкүр храмы, Пульгукс комплекси (14-к-да кайра курулган), Таботхап
м-н Соккатхап пагодалары м-н курулган. 7– 10-к-дагы К. скульптурасында Индия м-н Кытайдын будда оюу-чийүүлөрү образдардын жандуулугу м-н формалардын ийкемдүүлүгүн айка-

лыштырган (Будданын статуясы ж-а Кваным ботхисатванын горельефи – Соккурам храмы,
8-к.). Кёнжудагы көрүстөндөрдүн жанынан табылган жоокерлердин, айбанаттардын ж. б. таш эстеликтери сомдолгон монументтүүлүгү м-н айырмаланат. Бул мезгилдеги жасалга-колдонмо өнөрүнө таш ж-а металл иштетүү, жибек токуучулук, лак буюмдарын чыгаруу, бамбук буласы м-н чөптү эшүү ж. б. мүнөздүү, Корё мамлекетинин доорунда (918–1392) пагодалардын формасы татаалдап, ярустарынын саны көбөйгөн (Кёнгидо провинциясындагы Хёнхвас храмынын 7 ярустуу пагодасы, 11-к.), салттык 4 кырдуу пагодалар м-н катар 6–8 кырлуу курулуштар (Канвондо провинциясындагы Вильжонс монастырынын 9 ярустуу октагондук пагодасы, 11–12-к.) салынган. Стилдик жактан да көп

түрдүү болгон. Бул доордун арх-расы жасалгага бай. Монумент скульптурасы мыкты өнүгүп, тушь ж-а суу боёк живописи кеңири тараган. Таштан ж-а фарфордон, карападан идиш жасоо
өөрчүгөн. Сүрөт иск-восун өнүктүрүүдө 14-к-да сарайда уюштурулган Тохвасо мекемеси олуттуу роль ойноп, живопись академиясынын кызматын аткарган. Чосон мамлекети мезгилинде көркөм мад-тка неоконфуцийчилик зор таасир тийгизген. Буддисттик храмдар алыскы тоолуу райондордо курулган. Сакталып калган храмдардын көбү Чосон мезгилинин экинчи жары-

мында тургузулган. Падыша сарайларын курууда бай жасалга м-н зор салтанаттуулук айкалыштырылып (Кёнбоккун ак сарай комплекси,1395, 1592-ж. өрттөлүп, 19 к-дын 2-жарымында калыбына келтирилген; Чхандоккун комплекси, 1405–12, 1592-ж. бузулган, 1607–10-ж.
калыбына келтирилген), ландшафт композициялуу бак-парктарды түзүүгө көп көңүл бөлүнгөн (Чхандоккун комплексиндеги Сырдуу бак).
Чосон мезгилиндеги К. живописинин тарыхын 3 мезгилге – эрте (1392–1550), ортонку (1550– 1700) ж-а соңку (экиге бөлүнөт), 1700–1850, 1850–1910) чосон мезгилдерине бөлүп карашат.
Эрте мезгилде Го Си, Ми Фу ж-а уулу Ми Южен,

Ан Гён, Кан Хи Ан ж. б. белгилүү болсо, ортонку мезгилдин ири чеберлери Ли Жин, Ким Мёнчук ж. б. болгон. «Гүл-чымчык» (хваджохва) жанрында көп сүрөтчүлөр ийгиликтүү иштешкен. 18-к-да өнүккөн пейзаж живописи – чингён сансухва багытында (чыныгы көрүнүштөгү пейзаж) Чон Сен, Ким Ын Хван, Ким Хон До ж. б. иштеген. Соңку мезгилдин аягында Ким
Чон Хи, Хо Рён, Тен Сын Обо заманбап живопистин пайда болушуна негиз түзүшкөн. Жасалга-колдонмо өнөрүндө мурункудай эле карапанын ролу зор болгон. Негизи бардык эле сүрөтчүлөр «гүл-чымчык» жанрында иштешкен. 19-к-дын аягында май боёк живописи техникасы м-н иштеген алгачкы сүрөтчү Токиодогу көркөм иск-во окуу жайын бүтүргөн Ко Хи Дон болгон. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында Корея иск-восуна Батыштын көркөм салттары кире баштап, европ. стилдеги имараттар курулган.
Музыкасы
. К. улуттук музыкасы 4-к-дан калыптана баштаган. Көп аспаптарды (комунго ж. б.) жасаган Ван Санака (6-к.), ырчы ж-а 200дөй композициянын автору, каягым аспабын кураган Урыктын (6-к-дын аягы) чыг-лыгы ал кез үчүн маанилүү болгон. 14–16-к-да борбордо чоң оркестр, хор оюн көрсөтүп, көрүнүктүү музыканттар иштеген. К. музыкасынын өнүгүшүнө Пак Ен (15-к.) көп салым кошкон. Ал туңгуч муз. окуу жайын негиздеп, байыркы аспаптарды классификациялап, өзү да элдик музыканын чебер аткаруучусу болгон. 1432-ж. нота жазуунун өзүнчө системасы түзүлгөндүктөн, эски обондор сакталган. Согуштун кесепетинен 16-кдын 2-жарымынан музыка өрүш албай, негизинен элдик ырлар гана өнүккөн. 19-к-да пхансоринин обону б-ча үн таануу системасы иштелип чыгып, анын негизинде элдик муз. драма (чхангык) өсүп, кийин улуттук операга айланган. 20- к-да европ. музыка кире баштаган, бирок 1910-ж. башталган япон колониячылыгы 1945-ж. чейин муз. мад-ттын өсүшүнө кедерги болгон. 1920-ж. батыштын белгилүү музыкасынын таасиринде понсонхва жанры пайда болгон. 1945-ж. Пхеньянда биринчи К. симф. оркестри түзүлгөн.
Театры
. О. кылымда театрдын калыптанышына элдик ырчылар м-н жомокчулардын өнөрү түрткү берген. 15-к-да бий ж-а драмалык элементтер айкалышкан сандэгык театр жанры негизгилерден болгон. Комыгык театры 10-к-дагы буддалык мистериянын элементтерин киргизген. 17-к-да европ. ярмарка театрларын жакындашкан кыдырма труппалар кеңири белгилүү болгон. Алар музыкалык оркестр м-н парадды баштап чыгышкан. Хвагык сүйлөшүү театры музыканы ж-а бийди пайдаланган. 19- к-да К-нын профессионал театры калыптана баштаган. Байыркы пхансори – жомокчулар иск-восунун негизинде чхангык муз. театры пайда болгон. 1908-ж. Сеулда «Вонгакса» театры уюшулгандан К. театрынын тарыхы башталат. Анын түзүүчүсү Ли Ин Жик байыркы улуттук салт м-н европ. бийдин техникасын бириктирүүгө аракеттенген. Батыш театрын жайылтуучу ж-а актёрдук билим алууну киргизген Хён Чол Япониядан окугандан кийин 1920-ж. Сеулда театр мектебин, кийинчерээк актёрдук окуу жайын түзүп, анда европ. ж-а кореялык пьесаларды койгон. 1923-ж. Япониядан билим алган корейлер тобу Пак Сун Хинин жетекчилигинде Сеулда «Тоулхе» театрын уюштурган (1932-ж. чейин иштеген). Япониядан билим алган режиссёр Хон Хе Сон 1931-ж. Сеулда «Спектаклди изилдөө» аттуу театрын ачкан. К-ны балет өнөрү м-н алгач 1926-жылдан К-да иштеген япон бийчиси, Сэ Ён Хан тааныштырган. Хореография өнөрүнүн андан аркы өнүгүшү Цой Сын Хинин ысымына байланыштуу Ал 1926-ж. Сеулда корей элдик ж-а батыш классикалык мектебин ачкан. Профессионал куурчак театры 1945-ж. ачылган.
Киносу
. Биринчи кино 1903-ж. көрсөтүлгөн. Ошол эле жылы Сеулда чет мамл. кинолорду көрсөтүүчү кинотеатр ачылган. Улуттук кинематографияда биринчи фильм «Сүйүшкөндөрдүн ай астындагы анты» болгон (1923, реж. Юн Пэк Нам. Кино өнөрүнүн телчигиши япон баскынчыларынын көзөмөлүндө жүргөн. 1920-жылдардын башында тартылган «Чхунхян жөнүндө баян» фильми маанилүү окуя катары таанылган. Үнсүз кинонун ири чебери актёр ж-а реж. Ун Гю («Ариран», 1926) болгон. Биринчи үндүү фильм – «Чхунхян жөнүндө баяндын» жаңы версиясы (1935, реж. Ли Мён Ву). 1930-жылдардын аягында тыкыр көзөмөл кинону кризиске учуратып, көптөгөн кино ишмерлери ишин токтоткон же эмиграцияга кеткен. 1942-ж. корей тилинде кино тартууга тыюу салынган.
Ад.: Корейское классическое искусство. М., 1972;
История Кореи. С древнейших времён до наших дней. Т. 1–2. М., 1974; История Кореи: (Новое прочтение).
М., 2003; Троцевич А. Ф. История корейской традиционной литературы (до ХХ в.) СПб., 2004; Денисов В. И. Политические системы государств Корейского
полуострова (РК и КНДР) // Политические системы и политические культуры Востока. 2-е изд. М., 2007.