КОРГООЧУ ТОКОЙ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОРГООЧУ ТОКОЙ – түрдүү объектилерди табияттын ыңгайсыз шарттарынан коргоочу табигый ж-а атайын өстүрүлгөн токой. Бардык токой ар кандай даражада коргоо милдетин аткарат. Ал климатка, жердин үстүнкү катмарынын хим. курамына оң таасир тийгизет. Бийик тоолуу жерде өскөн токой кар көчкүдөн, селден, тоо топурагын эрозиядан, чөлдүү жерлердин чет жакаларындагы токой пайдаланып жаткан а. ч. жерин шамал учуруп келген кумдан коргойт, дарыя жээгиндеги токойлор суунун жерге сиңишин жакшыртып, жер астындагы суунун запасын толуктайт, көлмө жээгиндеги токой балык урук таштоого жакшы шарт түзөт. Токой топуракты эрозиядан, шамалдын а. ч-на тийгизүүчү терс таасиринен сактап, абаны ар кандай чаңдан тазартат ж. б. К. т. жол, канал ж. б. объектилерди шамал учуруп келген кар, кум ж. б-дан сактайт, жер кыртышынын эрозияга учурап, аң-коктулардын пайда болушуна жол бербейт; катуу шамалды басаңдатат.