КОҢТААЖЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОҢТААЖЫ , х у н т а й ш и – 16–18-к-дагы ойрот-калмак хандарынын жогорку наамы (к. Жунгар хандыгы). Калмак тилинде «куң»- улуу, күчтүү, «тээж» – хан, «куңтээж» – улуу хан, тэж» ханзаада деген түшүнүк берет. Борб. Азиянын тарыхында алгачкы жолу 1573–74-ж. К. наамы Чечен, Баян баатырларга байланыштуу эскери­лет. 1639-ж. Далай лама тарабынан Каракул­дун (Харахула) баласы Куту Коцунга да бери­лип, аты Эрдене деп которулган (к. Эрдене баа­тыр коңтаажы). Андан кийин ал наамды Гал­дан Бошокту хан, Цеван Рабдан алса, кээ бир хандар өз алдынча ыйгарып алган учуру болгон. Кыргыз санжыра, эпосторунда К-га байланыш­кан көптөгөн маалыматтар айтылып калган.


Ад.: Златкин И. Я. История Джунгарского ханства (1635–1758 гг.). 2-е изд. М., 1983.

Э. Турганбаев.