КОНЬЮНКТИВИТ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОНЬЮНКТИВИ́Т (лат. conjunctivus – бириктиргич) – көздүн бириктиргич кабыгы – коньюнктиванын сезгениши. Көздүн көп кездешүүчү оорусу. Пайда болушуна карата экзогендик ж-а эндогендик болуп бөлүнөт. Экзогендик К-ти түрдүү микробдор, стрептококктор, стафилакокктор, кептөөр таякчасы, гонококктор ж. б., о. эле физ. ж-а хим. факторлордун, ультракызгылт көк нурдун, электр тогунун таасири ж. б. пайда кылат. Эндогендик К-тин пайда болушуна жалпы жугуштуу оорулар (кызылча, скарлатина ж. б.), мурун-кулкун, тиш, ичеги-карын, боор оорулары себеп болот. Аллергиялык К. да экзогендик болуп эсептелет. К-тин катуу кармаган ж-а өнөкөт түрү бар. Катуу кармаган түрүн вирус козгойт. Оору капысынан башталып, көз кызарат, ачышат, көзгө кум түшкөндөй өйкөп, катуу ооруйт. Жарыкты карай албай, көз чылпактайт; көз жапкалары шишимик тартат. Айрым учурда оорулуунун денеси ысып, мурдунан суу куюлат, башы ооруп, уйкусу качат. Өз убагында дарылабай же чала дарылаганда көздүн коркунучтуу ооруларына ж-а өнөкөт түрүнө өтүп кетиши мүмкүн. Өнөкөт К-те көз жапкагы салмактанып, сайгылашкансыйт. Көз бир аз кызарат, жаш агып, чылпактайт. Оору көпкө созулат, дарылоодо сезгенүүгө каршы ж-а ооруну басаңдатуучу тамчылатма дарылар врачтын сунушу м-н колдонулат. Көз чылпактаганда бор к-тасынын, марганец кычкыл калийдин эритмелери м-н жууш керек. К. жаныбарларда да жолугат.