КОНФИГУРАЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОНФИГУРА́ЦИЯ (лат. c–nfigur–tio – формага келтирүү, жайгаштыруу) – сөлөкөт; буюмдардын өз ара жайгашышы. Инциденттүүлүктө (таандык болууда) бири-бири м-н байланышкан чекит, түз сызык, тегиздиктердин чектүү көптүгү. К. тегиздик ж-а мейкиндик К-сына бөлүнөт. Т е г и з д и к К-сы – ар кандай чекит бирдей сандагы g түз сызыктарына инциденттүү, тескерисинче, ар кандай түз сызык бирдей сандагы n чекиттерине инциденттүү болгон тегиздикте­ги p чекиттери м-н g түз сызыктарынын чектүү системасы. Эгер берилген К-да чекиттердин ми нималдуу системасынан түгөйлөш түз сызыктар­ды ж-а түгөйлөш түз сызыктардын кесилишин инциденттөө жолу м-н бардык К-ны алууга мүмкүн болсо, анда мындай система берилген К-ны түзүүчү система деп аталат. Мындай учурда p, g, y, n сандары py= gn катышы м-н байланышат ж-а К. (рy, gn) символу м-н белгиленет. Бирдей сандагы чекит м-н түз сызыктуу К. (рg) туюнтулат. К-нын а в т о м о р ф и з м и бир да инциденттүүлүктү жоготпогон же кошумчалабаган ж-а чекит чекитке, түз сызык түз сызыкка өтүп, дал келген К. өзүнө өзү чагылып дал келүүсү деп аталат. М е й к и н д и к К-сы – ар бир чекити бирдей сандагы чекит м-н инциденттүү болгон чектүү сандагы чекит ж-а тегиздиктер системасы. Чекит м-н тегиздиктер түзүлгөн К. м-н катар мейкиндикте чекит ж-а түз сызыктардан турган К-лар да каралат. К. теориясы бир катар геом. маселени чечүүдө колдонулат.